Сары бала Сапар Исаков негизи кээде туура кадамдарды жасап коюуда. Алсак, премьер-министр «Мамлекттик мекемелерде жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортту азайтуунун эсебинен мамлекеттик бюджеттин каражатын үнөмдөө боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна кол койду.
«Эл аралык уюмдар каржылоочу ар түрдүү долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында, анын ичинде гранттардын жана каржылоонун башка булактарынын эсебинен алынган же берилген оперативдүү башкарууда же чарбалык карамагында турган, белгиленген лимиттерге кирбеген автотранспорт каражаттарды ал долбоорлор аяктаганда президенттин жана өкмөттүн иш башкармасынын оперативдүү башкаруусуна өткөрүп беришсин», – деп айтылат токтомдо. Эми бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып “эшек” минишеби? он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ошондо чиренген чиновниктер эмес, алардын бала бакырасы бала бакча мектептерге эмне менен барышат? Мына ушул маселе кыйнайт ко, эми тиги чоңкурсак жетекчилерди…
Булак: Майдан.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ