Ат-Башы райондук ИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын аймактын тескөөчүсү, милициянын кенже лейтенанты Максат Токторбаев менен милициянын лейтенанты Кубан Нурланов адашып кеткен эки бир тууганды сууктан сактап калды.
Окуя 12-январь күнү Нарын облусунун Ат-Башы районунда болгон. Таянеси багып жаткан алты жана жети жаштагы эки жээнин саат кечки 17:30дарда ойноп жаткан жеринен жоготуп алган.
Маалыматта балдар оюнга алаксып калып, күүгүмдө адашып кетишкени айтылат. Ээрчишкен бир туугандар болжол менен бир саатка чукул мезгилде токойлуу талаа жана чоң көпүрөдөн өтүп, райборборго келген. Чоочун жерге келип, эч кимге кайрылган эмес.
Милициянын кенже лейтенанты Максат Токторбаев менен милициянын лейтенанты Кубан Нурланов 12-январда кечки патруль учурунда балатынын түбүнөн эки караанды байкаган.
Лейтенант Нурланов «Максат Токторбаев экөөбүз райондогу Үй-бүлөлүк медицина борборунун имаратынын алдынан эки кичинекей баланы байкадык. Биринчи эле «тоңуп калган жокпу» деген ой келди. Жакшыраак карабаса, балдар байкалбай деле калмак окшойт, себеби балаты абдан эле чоң болучу. Биздин суук шарттан алганда, бири кадыресе эле калың кийинсе, экинчисиники жукараак экен»-дейт.
Ал эми кенже лейтенант Максат Токторбаев «Айлана бир топ караңгы, ал эми аба — 18…-20 градус суук болчу. Балдар үшүп да, коркуп да калышыптыр. Бөтөн адамды көргөндө чочуган сезимин көрсөтүштү. Суроо берсек, кетенчиктеп, дароо кепке келишкен жок. Милицияданбыз, үйүңөргө алып барабыз десек анан чыгып беришти. Сурасак, атын билгени менен каякта жашарын айта албай коюшту. Дароо бөлүмгө алып келип, кароодон өткөрөлү десек бир топ үшүп калыптыр. Буттарын чечип, суу экенин көрүп, үшүк алып кеткен жокпу деген тынчсыздануу менен дароо ооруканага алып жөнөдүк»- деди
Үшүп калган балдарга дарыгерлер дароо ысык чай берип, жылытып, медициналык кароодон өткөрүп, кооптуу эч нерсе тапкан эмес.
Ден соолуктары жакшы экендиги аныкталгандан кийин эки бала үй-бүлөсүнө өткөрүп берилген.
Булак: Майдан.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ