“Мегакомду” сатып алууга “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча келишим түзгөн компаниялардын бири “АКА минералз энд майнинг” компаниясы сунуш берди. Учурда сунуш карала баштаган. Азырынча компанияны канча баага сатып алуу боюнча шарттар талкуулана элек.“АКА минералз энд майнинг” компаниясы кытайлык “Huawei Technologies” компаниясы менен бирге “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашырууга инвестор болууга макулдук берген. Ачык маалымат булактарында компаниянын буга чейин жасаган иши, ал катышкан долбоорлор тууралуу маалымат аз. Юстиция министрлигинин сайтында 2014-жылы октябрда кайра каттоодон өткөнү, жетекчиси жана негиздөөчүсү Курбанов Касым Муратович менен “АКА Петролеум” жоопкерчилиги чектелген коому экени көрсөтүлгөн. Негизги ишмердиги “жаратылыш минералдарын жана тоо тектерин казуу” деп жазылган.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ