Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамына мүчөлөрдү бекитүү жөнүндө маселе каралды.
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамына сунушталган талапкерлер жөнүнө Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасы Канат Керезбеков маалымат берди. Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамына 4 талапкер сунушталган: Салтанат Муратбекова, Эрлан Базарбай уулу (Парламенттик көпчүлүк коалициясы тарабынан сунушталган), Тыныбек Бекешев, Акылбек Абдыкадыров (Парламенттик оппозиция тарабынан сунушталган).
Электрондук добуш берүүнүн жыйынтыгында КР Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамына Салтанат Муратбекова, Эрлан Базарбай уулу жана Тыныбек Бекешевдин талапкерлиги бекитилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ