Menu

Өкмөттүн Жалал-Абад өкүлчүлүгү: “Кыянбек Сатыбалдиев корпоратив уюштуруп, акча жеди дегени – жөө жомок, жалган сөз…”

Бөлүшүү:

Гезитибиздин өткөн санында Жалал-Абад облусунун губернатору Кыянбек Сатыбалдиев тууралуу маалымат чыккан. Анда, губернатор Жаңы жыл алдында облустук деңгээлде корпоратив уюштуруп, ага 600 киши чакырылганын, эң кызыгы, кеткен чыгымды “Кыргызнефтегаз” көтөрүп, бирок, келгендердин баары билет сатып алышканы айтылган. “Дасторкон чыгымын ишкана көтөрдү, а билеттен түшкөн 1 миллиондон ашык каражат кайда кетти?”- деген суроо коюлган. Бул суроого жооп табуу максатында КР Өкмөтүнүн Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Ислам Автандиловичке кайрылдык.

– Ислам Автандилович, Жаңы жыл алдында корпоративди ким уюштурду эле? Ага 2 миң сомдон билет сатылыптыр, ал акча кайда кетти? Бул жерде коррупция барбы-жокпу, айтып берсеңиз?

– “Майдан.kg” гезитине жарыяланган биздин губернатор тууралуу макаланы окудук. Бул маалымат чындыкка дал келбейт деп айта алам. Кыянбек Урмаматович корпоратив өткөрүп, андан 1 миллион сом пайда көрдү деп жазыптырсыздар. Корпоратив быйыл эле уюштурулуп калган жок, 2013-жылдан бери ар жыл сайын эстафета катары өткөрүлүп келатат. Мисалы, бул жылы “Кыргызнефтегаз” ишканасы өткөрдү, келерки жылы облустун борбор шаарында жайгашкан жогорку окуу жайлар биригип өткөрүшөт. Билет 2 миң сомдон сатылганы туура, бирок, топтолгон акчага лоторея уюштурулат. Демек, бул жерде кайсы бир адамдын пайда тапты деп айтуу туура эмес.

– Негизи, Кыянбек Сатыбалдиев облус жетекчилигине келгенден бери кандай иштер аткарылды?

– Кыргызда “жетекчинин жолунан” деген кеп бар эмеспи. Бул киши жетекчи болуп келгенде бери 2017-жылдын жыйынтыгы менен эле айтсам, бүт көрсөткүчтөр толугу менен аткарылды. Мисалы, өнөр жай тармагы, инвестицияларды тартуу ийгиликтүү өсүш жасады. Бир жылдын ичинде облус аймагында 9 мектеп курулуп, 2017-жылдын жаңы окуу жылына карата ишке берилди. 2017-2026-жылга карата ирригация тармагын өнүктүрүү боюнча 7 долбоор түзүлдү. Булардын баары Кыянбек Урмаматовичтин ишке берилип, ар бир маселеге тереңден карай билгени жана аны чечүүгө талыкпаган аракетинин негизинде болду деп айтам.

(Уландысы кийинки санда. Анда бул маселе боюнча журналисттик иликтөөнүн жыйынтыгы окурмандардын сынына коюлат)

Автандил Белеков

Булак: Майдан.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: