Кыргыз мамлекетине арбын ийгиликтерди жараткан инсандарыбыз бар. Алардын бири коомдук ишмер Алтай Бөрүбаев. Алтай аксакал жакында эле ден соолугун чыңдап ооруканага жатып чыкты. Коомдук саясый ишмер Алтай Асылканович кезинде КМУУда кафедра башчы, декан, проректор, Кыргыз Республикасынын билим берүү министринин 1-орун басары, Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинде, КМУУда ректор. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы болуп иштеп, Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери, Физика-математика илиминин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын УИАнын академиги, Жогорку мектептин Эл аралык илимдер академиясынын, Социалдык жана педагогика илимдеринин Россия академиясынын академиги, М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин ж. б. жогорку окуу жайларынын ардактуу профессору, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты, элге билим берүүнүн отличниги, Илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты өңдүү албан наамдардын ээси. Андыктан ардактуу аксакалыбызга ден соолук тилейли. Сиздей илим-билим менен коомдук иштерге тажрыйбасы арбын адамдар азыр Кыргызстанга аба менен суудай керек. Андыктан Алтай Асылканович, артыңызда келе жаткан муунга али да айта турган сөздөрүңүз, көрсөтө турган жолдоруңуз бар. Кыскасы али далай ашуу жатат. Андыктан аманчылыкта анан ден соолукта болуңуз!
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ