Бүгүн, 29-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча парламенттик комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев менен жолугушуп, шаардык жылуулук электр борборундагы түзүлгөн кырдаалды калыбына келтирүү чараларын талкуулады.
Кошумчалай кетсек, өткөн дем алыш күндөрү Бишкек ЖЭБинде болгон авариялык абалдан улам, бардык тиешелүү мекемелер жана кызматтар тарабынан кырдаалды жөнгө салуу аракети көрүлгөн. Бирок, жылуулук борборун толук кубаттуулукта иштетүүгө жасалган чараларга карабай, стратегиялык объекте дагы бир авариялык кырдаал жаралганы белгилүү болду.
Депутат Кожобек Рыспаев жолугушуу учурунда Төрага Дастанбек Жумабековго аталган маселе боюнча эртең 30-январда, саат 14:00дө Жогорку Кеңештин тармактык комитети Бишкек ЖЭБинде көчмө жыйын өткөрөрүн маалымдады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ