Кечээ, 14-апрелде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Сауд Арабия Падышалыгынын Тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан Аль-Сауддун ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болуп өттү. Бул тууралу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары эки тараптуу кызматташтыктын абалын жана мындан ары өнүгүүсүнүн келечегин талкуулашты.
Тараптар коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү боюнча биргелешкен колдоо көрсөтүү маселелерине жана көрүлүп жаткан чараларга өзгөчө көңүл бурушту. Сауд Арабиясынын тышкы саясий мекемесинин башчысы COVID – 19 менен күрөшүүдө КР Өкмөтүнүн аракеттерине колдоо билдирди.
Ошондой эле эл аралык жана регионалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Сауд Арабия Падышалыгынын Йемен Республикасында убактылуу ок атышууну токтотуу жөнүндөгү демилгесин кубаттаары, ал чечим өлкөдөгү тынчтыкка жетишүү боюнча кризисти саясий жөнгө салууга түрткү болоору жана COVID – 19 коронавирусунун жайылуусуна каршы күрөштө чоң жардам берери белгиленди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ