ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери Жалал-Абад облусунан баңгикаражатын жайылткандарды кармашты. Жалпы салмагы 5 килограмм 4 граммды түзгөн гашиш жана ири суммадагы акча каражаты алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдайт.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан баңгикаражаттарын сатуу жана жайылтуу менен алек болгон Кыргызстандын жарандарынан турган кылмыштуу топту аныктоого жана ага бөгөт коюуга багытталган атайын операциясы жүргүзүлдү. Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери Токтогул районунан “гашиш” баңгикаражатын сатып жаткан учурда шектүү катары эки жаранды
кармашты. Кармалган жарандар Жалал-Абад облусунун 1989-жылы туулган Ш. уулу И., жана 1990-жылы туулган К. уулу Т. аттуу тургундары болушат.
Өздүк кароо жүргүзүү учурунда 5 килограмм 415 граммды түзгөн жашыл-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат “гашиш” жана жарым миллиондон ашык акча каражаттары табылып алынган.
Азыркы учурда жогорудагы кылмышка тиешеси бар башка жарандарды кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ