Menu

Видео – Ташкентте Өзбекстандын мурдагы ИИМ башчысы кармалды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын мурдагы ички иштер министри Адхам Ахмедбаев 26-январда Ташкентте кармалды. Учурда ал ИИМдин тергөо абагында сурак берүүдө.

52 жаштагы экс-министр өлкө президенти Шавкат Мирзиёев аны чыккынчылыкка айыптагандан бир ай өткөндөн кийин кармалды.

Өткөн жылы 22-декабрда Мирзиёев парламентке жолдогон кайрылуусунда Ахмадбаевди чыккынчылыгы үчүн 2014-жылы берилген генерал-лейтенант наамынан ажыратканын билдирген.

«Чыккынчылыгы үчүн азыр мурдагы ИИМ башчысы Ахмедбаевдин кайда экенин билесиңерби? Анын министр болуп алып чыккынчылык кылганын кабыл ала алган жокмун… Мен эки генералдык погонун жулуп алдым», – деген президент Мирзиёев.

Адхам Ахмедбаев Өзбекстан ИИМин 2013-жылдын декабрынан 2017-жылдын январына чейин жетектеген. Ал кызматтан былтыр 4-январда, Шавкат Мирзиёев президент болуп шайлангандан бир айдан кийин алынган. Андан соң укук коргоо органдарынын иши боюнча президенттин мамлекеттик кеңешчиси болуп дайындалып, бир ай өтпөй ИИМ академиясына катардагы окутуучу катары жөнөтүлгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: