Menu

Улакчынын сөөгүн куткаруучулар суудан таап чыгышты

Бөлүшүү:

Бишкектин четиндеги Ак-Бата” жаңы конушунда аламан улакка катышкан оюнчу аты менен кошо сууга түшүп кетип каза болду. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 45 жаштагы киши аты менен кошо сууга түшүп кеткен. Бирок аты суудан чыгып, өзү чөгүп кеткен. Окуя 27-январда түштөн кийин болгон.

“Чакыруу бүгүн саат 1 6.26да түштү. ӨКМдин Аламүдүн райондук куткаруу бөлүмүнүн төрт кызматкери барып саат 17.20да чөгүп кеткен кишинин сөөгүн суудан алып чыгышты. Мар­кум Тез жардам кызматына өткөрүлүп берилди”, — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, ушул эле “Ак-Бата” жаңы конушунда 11-январь күнү да чабандестердин тартып жаткан улагы сууга түшүп кеткенде бир жигит сырткы кийимин чечип, улакты суу алдынан таап чыккан.

Булак: Тамчы 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 + = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: