Menu

Эмиля Бурканова, ырчы: “Ырларымдын жеке жашоомо, тагдырыма эч тиешеси жок”

Бөлүшүү:

Ырлары жүрөккө жеткен, олуттуу, өзү чырайлуу ырчы айымга суроо узаттык.

— Сен олуттуу, кайгылуу ырларды ырдайсың. Мисалы, “Жаным сыздап ооруп турат жүрөгүм, жалгыздыктан абдан жадап жүдөдүм” деген сыяктуу. Айрымдар жүрөгүнө баткан нерсени элге жеткире алып чыгат го?..

— Мен ырды тандаганда ошол жүрөккө тийип, жүрөктү бир “болк” эттирип козгогон ыр болсо гана тандайм. Анан обонуна же сөзүнө карап туруп эле ырдап салбайм. Экөө тең дал келсе, анан сөздөрүнүн да маанисине өтө көңүл бурам. Ырды ырдап, өз үнүм менен жаздырып көрүп, өзүмдүн оюмдагыдай болгондо гана элге алып чыгам. Ыр тандоодо өтө эле тежикмин. Оңой менен ырларды жактыра бербейм. Кээде радиолорго же башка берүүлөргө барып калсам дагы ушул суроону узатышат. Бул ырлардын жашоомо эч кандай тиешеси жок. Болгону көңүлүмө жагып, купулума толгон үчүн ырдайм. Темалары ушундай болуп калды. Ырларым кайгылуу болгону менен өзүм жашоодо шайыр адаммын.

— Жеке жашооңчу, ойдогудайбы?

— Жеке жашоом: жолдошум бар, эки балабызды тарбиялап жатабыз. Жолдошум чыгармачылыгыма түшүнүү менен карайт. Мындайча айтканда, чыгармачылыктагы продюсерим десем да болот. Жакшыны жакшы деген туура го.

— Сахнада жүргөн жылдыздарыбыздын үй-бүлөсү бактылуу жашап кеткендери чанда болот. Ажырашуулар, түшүнбөстүктөр көп болот. Бул адамдын тагдырынанбы, мүнөзүнөнбү же баскан турганынанбы?

— Ошол боюнча талдап айталбайм. Ар кимдин өз тагдыры бар. Жашоого болгон ар кандай көз караштары бар. Андай нерсеге чалдыга элекмин. Андай болбой эле койсун. Турмушта абдан бактылуу айыммын. Жолдошум экөөбүз бири-бирибизди жактырып, сүйүп баш кошконбуз. Кудайга шүгүр, мурун сүйлөшүп жүргөндө кандай болсок, азыр эч өзгөрүү жок. Өз жашоомо ыраазымын.

— Учурда курч маселеге айланып кетти окшойт, экинчи аял алуу боюнча оюң кандай?

— Чындыгында мен бул маселеге абдан каршымын. Ар бир аял жалгыз сүйүктүү болгусу келет. Эч качан өзүнүн жакшы көргөн адамын бирөөгө ыраа көрбөйт. Бөлүшкүсү келбейт.

— Чыгармачылыкта жылыштар кандай?

— Азыр өзгөчөлөнгөн “Буюрбаган бактым” аттуу ырдын үстүнөн иштеп жатам.  Ал ырга клип тарттырып жаткан учурум. Буюрса ошол клиптин бетачарын жасаганы турам. Бул клип мурдагы клиптериме окшобойт. Такыр башкача тартылып жатат. Адам бир эле нукта жүрө бербей кээде өзгөргүсү да келет экен. Азыркы стилим, азыркы ырым жаштарга көбүрөөк жагат. Мурдагылар орто муунга көбүрөөк жагып, жактырып угушчу.

— Ырчылыктан тышкары да кандай кызыккан иштериң бар?

— Азыр ыр, чыгармачылыгым, анан үй-бүлөм, тирилик көп болгондуктан кээде ошол эле иштериме да жетишпей калам. Балдарыма карап, жолдошумдун көңүлүн карап, анан чыгармачылыгымды да алып кеткенге аракет кылып жатам.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: