Menu

Эл өкүлдөрү Өкмөттөн Бишкек ЖЭБинде болгон аварияга байланыштуу жооптуу кызмат адамдарынын жоопкерчиликке тартылышын талап кылышууда

Бөлүшүү:

Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин жыйынында “Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги авария жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору талкууланып жатат. Жыйынга биринчи Премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышууда.

Жыйында КР Премьер-министр Сапар Исаков эч качан өзүнөн жоопкерчиликти алып салбай турганын, ошентсе да авариянын башкы себептеринин бири акча каражаттарынын тартыштыгына барып такаларын, ал эми мындай жагымсыз кырдаалдын түзүлүшүнө түздөн-түз күнөөлүү кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароого тапшырма берилгенин баса белгиледи. Анын айтымында, Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги авариянын келип чыгуу себептерин, анын кесепеттерин жоюу боюнча көрүлгөн чараларды иликтөө боюнча өкмөттүк комиссия түзүлдү.

Суроо-жооп маалында депутат Алтынбек Жунус уулу бир насостук станциядагы авариядан ушунчалык көйгөй жаралбашы керек эле деп, Бишкек ЖЭБинде кадрдык саясат “тайке-жээн” болуп, башаламандыкка учурагандыгын билдирди. Депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып КР Өкмөт башчысы С.Исаков авария болгондон кийин эмне үчүн дароо экинчи бууказан ишке киргизилген эмес деген суроолуу маселелер жүргүзүлө турган иликтөөдө тактала тургандыгын айтты.

“Катуу суук боло тургандыгын КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 15-20 күн мурда эскерткен. Демек, суукка чейин штаб түзүп, кырдаалга алдын ала даярданбаган “Улуттук энергетикалык холдингдик компания” ААКсынын жетекчилиги толугу менен кызматтан кетиши керек”,- дейт депутат Искендер Матраимов. Депутат Курманкул Зулушев КР башкы прокуратурасы тарабынан шалаакылык боюнча берене менен иш козголгонун айтып, коррупциялык жагдайларга байланыштуу дагы иш козголушу керектигин баса белгиледи.

Депутат Осмонбек Артыкбаев Бишкек ЖЭБиндеги бир кичине авария жалпы системага сөз тийгизип жатканын белгилеп, жалпысынан энергетика тармагында бир топ алгылыктуу иштер жасалгандыгын айтты.

Мындан сырткары бир катар депутаттар ЖЭБди модернизациялоого кеткен 386 млн АКШ  доллары кайда жумшалганын такташты. Өкмөт башчы С.Исаков адистердин айтымына таянып, модернизация болбогондо борбор калаада коллапс жаралмак дейт. “Адистер Бишкектеги “жылуулук өткөргүчтөрдүн, түтүктөрдүн баары жарылмак, миллиарддаган сомдук жоготуулар болмоктугун айтышты”,- дейт С.Исаков. Ошону менен катар суроо-жооп маалында ушул эле кытайлык “ТВЕА” компаниясы курган Тажикстандагы Душанбе ЖЭБи электр кубатын гана өндүрүүгө багытталганын, Бишкек ЖЭБи болсо электр кубаты менен кошо жылуулук да иштеп чыгаары айтылды.

Жыйын жүрүшүндө бул аварияга “ТВЕА” компаниясынын күнөөсү бар-жоктугу иликтөөдөн кийин айтылары белгилүү болду. Ошону менен катар депутаттардын күмөн санаткан модернизациялоо долбоорунун техникалык экономикалык негиздемеси бар экендиги, модернизациялоодон кийин кабыл алуу иш-чарасы да болгондугу кошумчаланды. “Авариялык абал болуп калса мындай вариантты колдонобуз деген пландарды да көргөн жокмун. Мындай кемчиликтер иликтөөдө териштирилет”,- дейт Сапар Исаков.

Акылбек Жапаров, Алмазбек Баатырбеков баштаган бир катар депутаттар Бишкек ЖЭБин шаардын балансына берүүнү сунуш кылышты.

Cуроо-жооп уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − 19 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: