Былтыр Кыргызстанда чет элдик жумушчуларга 14 миңден ашык квота берилген. Квоталардын 11 миңге жакынын же 70 пайызын кытай жарандары алган. Бул тууралуу Миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев парламенттин жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2018-жылы да ушундай эле өлчөмдө квота бөлүнөт.
«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов кыргызстандыктар чет мамлекеттерде мигрант болуп жүргөндө жана жумушсуздук башкы маселе бойдон турганда 30-40 миңге жакын чет элдик жаран Кыргызстанда квотасы жок иштеп жүргөнүн айтты.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ