Menu

Максим Корсаков: «Садыр Жапаров экөөбүз жалган жалаанын курмандыгыбыз»

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековго

Көчүрмөсү:

Америка Кошмо штаттарынын Президенти Дональд Трамп мырзага

Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Антониу Гутерреш мырзага

Сизге кайрылып жаткан паспорту боюнча Канаданын жараны, жигери боюнча кыргызстандык, жазуучу

Максим Корсаков (Михаил Бубель).

Урматтуу Сооронбай Шарипович! Кичи мекенибиз боюнча алганда Сиз менен жердешпиз. Менин балалык жана өспүрүм чагым Жалал-Абад шаарында өткөн, ошол жерде орто мектепти күмүш медаль менен аяктагам. Андан соң, Фрунзедеги политехникалык институтту бүтүрүп, инженер-куруучу адистигине ээ болуп, Жалал-Абадка иштөө үчүн кайтып келгем…

Жакында мен белгилүү саясий ишмер Садыр Жапаровдун түрмөдө жаткандыгы тууралуу Кыргызстандан кабар таптым. Анын тагдыры менин да башымдан өткөндүктөн, бул нерсеге мен кош көңүл карай албадым. Себеби, мындай каргашаны мен өзүм да коомчулуктун нааразылыгынан улам жабылган Торонтодогу орто кылымдын абагы болгон коркунучтуу Don Jail түрмөсүндө башымдан өткөргөм. Мен өлүмгө өкүм кылынгандардын камерасында болуп, Канаданын соттук-бюрократиялык “тартибинин” айынан 3 жылдай сот процессинин жүрүшүндөгү элементардык адам укуктарынын жана эркиндиктеринин бузулушунун азабын тарттым. Мен жалган жалаанын негизинде камалдым. Ага карабастан, түрмөдөгү бардык сыноолордун азабына чыдап, “система” менен болгон теңдешсиз күрөштө жеңип чыктым.

Бул жерде Садыр Жапаровдун үстүнөн болгон сот процесстеринин аки-чүкүсүнө чейин токтолуп отуруунун кереги жоктур. Бирок, ага жармаштырылып жаткан кишини барымтага алуу деген айыптоо анын саясий душмандарынын жалаасы экендиги талашсыз. Канададагы менин үстүмдөн болгон соттук процесс сыяктуу эле Садыр Жапаровду айыптоо да жалаанын негизинде түзүлгөндүгү көрүнүп турат. Ошондуктан, биз Садыр Жапаров экөөбүз жалган жалаанын курмандыгыбыз.

Мен Садыр Жапаровдун саясий ишмердигин көптөн бери байкап келүүдөмүн. Анын айткандары: сунуштары, көтөргөн маселелери саясатчынын мекенчилдик жигерин гана көрсөтүп турат. Жакында социалдык тармактарда “Фейсбук” тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоодо Садыр Жапаров “Жылдын мыкты саясатчысы” деп таанылган маалыматтын тарашы да бекеринен эмес.

Садыр Жапаровду түрмөдөн эмес, сиздин жаныңызда саясаттан көрүүнү каалар элем. Ошондо эл үчүн пайда көбүрөөк болор эле. Аны инсан катары талдап отуруп, Кыргызстандын гүлдөп-өсүшүн ойлогон: таза, ыймандуу, сатылбас, ак жүрөк адам экендигине ишендим.

Жогорудагылардан улам, Кыргызстандын соту жакын арада Садыр Жапаровдун кылмыш ишин кайра карап чыгып, аны актайт деп үмүттөнөмүн.

Терең урматтоо менен, жазуучу Максим Корсаков (Михаил Бубель)

(кыскартылып берилди)

Булак: Жаңы Ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 49 = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: