Menu

АКШда «Орусия боюнча адис» Картер Пейждин каты жарыяланды

Бөлүшүү:

Америкалык Time журналы 2016-жылы президенттикке талапкер Дональд Трамптын кеңешчиси болгон Картер Пейждин катын жарыялады. Акыркы күндөрү анын ысымы атайын прокурор Роберт Мюллердин иликтөөсүнө байланыштуу ММКларда көп айтыла баштаган.

2013-жылы 25-августта жазылган катта Пейж өзүнүн китебин басып чыгарган басмакананы Орусиядагы окуялар тууралуу жакшы билерине ишендирүүгө аракет кылган. «Акыркы жарым жыл ичинде мен Санкт-Петербургдагы G-20 саммити үчүн өз президентине маалыматтарды даярдап жаткан Кремлдин талдоочулар тобунун бейрасмий кеңешчиси болгом. Анда негизги көңүл энергетика маселелерине бурулган», — деп жазылган анда.

Картер Пейж — бир нече күн мурда Конгресстеги республикачылар тарабынан жарыяланган чуулуу меморандумда аты аталган башкы адамдарды бири. Анда ФБР 2016-жылы Пейжди аңдууга уруксат сураган маалда, бул өтүнүч Хиллари Клинтондун шайлоо штабы тарабынан каржыланган «Трамп досьесиндеги» маалыматтарга негизделгенин айтпагандыгы жазылган.

Англиялык Кристофер Стилдин айтымында, Пейж 2016-жылы Москвага жасаган сапарында бир катар орусиялык аткаминерлер менен, анын ичинде Путиндин жакын адамдарынын бири менен жолугуп, Трамптын шайлоо штабына кантип жардам берүү керектиги боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Пейж бул айыптоолорду четке кагууда.

Конгресстеги демократтар, ФБРдин жана Башкы прокуратуранын жетекчилери республикачылардын меморандумунда окуя бурмаланганын, анткени Пейжди аңдуу өтүнүчү Стил тараптан берилген маалыматтарга гана эмес, башка көптөгөн далилдерге негизделгенин билдиришүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 3 = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: