Депутат Максат Сабиров пенсиянын көлөмү көтөрүлгөндө аскер кызматкерлериники дагы жогорулашы керектигин белгиледи. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева Максат Сабировдун сунушуна төмөндөгүдөй жооп берди.
“Биз аркылуу акчасы эле кетет. Алардын ички саясатын жүргүзбөйбүз. Сыр болгондуктан көрө албайбыз. Бирок салыштырмалуу ирээтинде айтып кетейин. Кыргызстанда орточо пенсия 6 миң 61 сом болсо, аскер кызматкерлериники 9-17 миң сомго чейин болот. Алардын пенсиясы 5-6 жылда бир көтөрүлөт, бир көтөрүлгөндө жакшы көтөрүлөт“, – деди Жуматаева.
Ошондой эле, Максат Сабировдун айтымында, пенсияны бөлүп-жарбай, жалпы көтөрүш керек.
“Аскер кызматкерлери мамлекетке кызмат кылган. Алар деле пенсия көбөйсө экен деп үмүттөнүшөт. Айлык акылары, пенсиялары кесилгенин дагы айтышты. Бул туурасында абдан нааразычылыктар айтылып жатат. Эгерде көтөрсө жалпы көтөрүш керек”, – деди Сабиров.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ