Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курамдын балбандары жакында эле Иран мамлекетинин Бендер-Мехшехр шаарында “Takhti Cup–2018” аттуу эл аралык беделдүү мелдешке катышып келишти. 11 балбан аттанып, анын үчөө байгелүү орундарды, анын ичинде Калы Сулайманов (63 кг.) менен Каныбек Жолчубеков (60 кг.) экөө турнирдин чемпиондору болушса, Жаштар арасында өткөн олимпиада чемпиону Урматбек Аматов (63 кг.) коло медалды багынткан. Ал эми Рустам Теишов (60 кг.) менен Самат Шырдаков (87 кг.) коло медаль үчүн күрөшүп, байге орунуна бир аз жетпей калышкан.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ