Menu

Сапар Исаков жаңылдыбы?

Бөлүшүү:

Премьер-министр Сапар Исаков Алматыда өткөн “Глобалдаштыруу доорундагы сан арип күн тартиби” аттуу конференцияда Кыргызстанда мамлекеттик сатып алуулар системасына криптовалютаны киргизгени   жатышканы  тууралуу билдирди.  Бирок бул Улуттук банктын криптовалюта менен эч кандай операция жасабаш керектиги тууралуу эскертүүсүнө каршы келет.   

Сапар Исаков Алматыда өткөн “Глобалдаштыруу доорундагы сан арип күн тартиби” аттуу конференцияда Кыргызстан мамлекеттик сатып алуулар системасына криптовалютаны киргизген атканы тууралуу билдирди.

“Биз кесиптештерим менен мамлекеттик сатып алууларга криптовалюта системасын киргизүү тууралуу маселени талкуулап жатабыз. Бул коррупциянын деңгээлин төмөндөтөт, ошол эле учурда биз чоң тобокелге деле барбайбыз” деди Сапар Исаков.

Өкмөт башчынын криптовалютаны мамлекеттик сатып алууларга киргизүү тууралуу айткандары сынга алынууда.

Эдил Байсалов: “Сапар Исаков криптовалютаны кандайча түшүнөт?”

Укук коргоочу Эдил Байсалов өкмөт башчынын айтканына мындай дейт:

“Сапар Исаков дагы бир жолу өзүнүн чалакайым экенин көрсөттү. Мамлекеттик сатып алууларга криптовалютаны киргизүү тууралуу кантип олуттуу түрдө айтууга болсун? Бирок мен бул тууралуу окуганда журналисттер жаңылып, блокчейн менен алмаштырып алышкан го деп ойлогом. Бирок конференциянын видеосун көрсөм, Исаков чынында эле криптовалюта тууралуу айтыптыр. Криптовалюта дегенди ал кандайча түшүнөт? Криптовалюта деген—мамлекеттик эмес, көмүскө валюта.  Мейли, аны колдоно беришсин, бирок мамлекет аны кабыл алса же андан да жаманы, ал валюта менен соода кылса кандай болот, мындай дүйнөдө жок!

Жакында эле Улуттук банк криптовалютага каршы чыкса, Сапар Исаков акробаттык секирик жасап жатат. Биз криптовалютаны таанып эле тим болбостон, аны мамлекеттик сатып алууларга киргизгени жатабыз! Аны эки жолу кайталады! Давоско барып, ал тууралуу угуп келиптир, бирок анын кайдан шыңгырап жатканын билбейт экен!

Эч кандай даярдыгы жок эле, эч ким менен талкуулабай, сүйлөшпөй туруп эле, аны тактабай туруп, Алматыга барып, чечилген маселе катары балп этип салды! Ал тургай Медведев анын демин басайын деп, шашылбай, ойлонуп көрүүнү сунуштады.

Ошол эле кеңешмеде Өзбекстандын премьер-министри ураан-чакырыгы жок эле, бажы жана салык кагаздарын электрондук түргө 100%  өткөрдүк, юридикалык тараптарды каттоого 30 мүнөт кетет деп айтты. Биздин кошуналар Doing Business рейтинги боюнча дүйнөдө 11 (!) орунга жетишти. Ал эми Исаков Кыргызстандагы санариптештирүүгө бир жыл болду деп, буга чейин эч нерсе жасалбагандай түр көрсөттү. Дагы бир аз убакыттан кийин “таза коомчулардагы” балакайлар интернетти биз ойлоп чыгарып, өлкөгө биз алып келгенбиз деп чыкпаса болду. Элибизге эле убал, ушул «балашкалардын» оюнчугуна айланган улуттук тагдыр!” деди Эдил Байсалов.

Улуттук банк криптовалютаны пайдаланууну колдобойт

Ал эми Кыргызстандын Улуттук банкы криптовалютаны пайдаланууну колдобойт. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 2017-жылдын 27-декабрындагы пресс-конференцияда кыргызстандыктарды криптовалюта операцияларына аралашпоого чакырган.

“Улуттук банк кыргызстандыктардын каражатын криптовалютага салышынын коопсуздугун камсыз кыла албайт” деген анда Толкунбек Абдыгулов. Анын айтуусу боюнча, Кыргызстандагы Улуттук банк жоопкерчилик алган расмий төлөм бул сом болуп саналат.  КР Улуттук банкы эмитент боло албаган валюталардын баары ишенимдүү деп эсептөөгө болбойт.

Эл ал валютага каражатын сала алат, бирок алардын сакталышына Улуттук банк жооптуу боло албайт. Бүгүнкү күндө криптовалюта жана блокчейн боюнча көптөгөн пикирлер бар. Алардын ичинде дасыккан экономисттердин, европалык борбордук банктардын төрагаларынын бул кезектеги финансылык пирамида экендиги тууралуу пикирлер бар” деген Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов.

Айгүл Бакеева  

Булак: ПолитКлиника

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 83 = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: