Menu

Мажирөө жетекчи!

Бөлүшүү:

Айрымдар артынан сөз ээрчитпегенге, ак иштеп таза жүргөнгө аракет көрүшөт. Айрымдар болсо акча жасаш үчүн баарына барышат. Ушул баарына баргандардын арасында жаштар жүргөнү өкүнүчтүү. Келечек алдыда, мекен жүгүн көтөрүү милдети бар дебестен, эптеп байлык топтоо менен өлкөнүн атына көө жабуу күч алууда. Тагыраагы, Кыргыз өлкөсүнүн атына көлөкө түшүрүп жаткан чоң көйгөлөрдүн бири бул жасалма паспорт. Террористи да, шылууну да, сойкусу да, алдамчысы да Кыргызстандын паспорту менен ааламдын ар кай бурчунан чыгууда.

Канча убакыттан бери бул ишке чекит коюлбай келгени өкүнүчтүү. Ооба, мындай иштин артында олчойгон суммалар, миллионодогон акчалар жатканы ырас. Арийне, жаны муундун өкүлү, таза коомдун жүзү деген “балакай” каймана аттуу жетекчи Дастан Догоев келегени дагы бул иш өркүндөй баштагы жашыруун эмес. Кечээ жакында эле башка өлкөнүн жарандары биздин паспорт менен жүргөн көрүнүштөр орун алды. Кытайы деле, тажиги деле, ал тургай ааламга атактуу еврей, жөөт, негр, индустардан бери кыргызстандын паспорту бар болуусу эмнени каңкуулайт?! Бул маселеге Догоев жетекчи катары пикирин билдирип койгонго жарай элек азырынча. Акчасын санап бүтө албай жатабы не?

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 33 = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: