Menu

Атамбаев да досунун жолун жолдоп, журналисттерге болгон доосунан кечип жиберсе кана!..

Бөлүшүү:

Ушул жуманын дүйшөмбү күнү журналист журтчулугунун уккан кулагын сүйүндүргөн жагымдуу кабар угулду. Анткени президент С.Жээнбеков “24.kg” маалымат агенттигине каршы 5 миллион сомдук соттон утуп алган айып пулдан баш тартты. Аны аталган агенттиктин ээси А.Оторбаева да тастыктады. Көрсө, президент Свердлов райондук сотунун сот аткаруучулар кызматына өзү кайрылып, агенттиктен талап кылган сумманы кечиптир. Бирок президент ушул эле сайтка чыккан макаланын автору, журналист Кабай Карабековдон 5 миллион сом өндүрүү боюнча арызын чакыртып албагандыгы да маалым болду. Бул тууралуу А.Оторбаева кесиптештерине: “Азырынча маалымат агенттик төлөй турган гана айып пулдан баш тартты”,- деп кошумчалады. Былтыр сентябрда “24.kg” сайтына К.Карабековдун “Сочиге сапар. Кремлге мураскердин артыкчылыгын кайра түшүндүрүп жатышат”- деген макала чыккан болчу. Андан соң президенттикке талапкер С.Жээнбековдун шайлоо штабы макаланы “ушак жана жалган жалаа” деп сыпаттап, сотко кайрылып, моралдык зыян катары макаланын автору менен агенттиктин ар биринен 5 миллион сомдон өндүрүүнү талап кылган эле. Сот болсо алардын талабын канааттандырган. Эмнеси болсо да президенттин ММК өкүлдөрүнө карата мындай гумандуу мамилеси анын айкөлдүгүнөн кабар берип турат. Эми анын жолун экс-президент да жолдоп, Ч.Жакупова, Н.Айып жана Д.Масловаларга коюлган доосунан баш тартса, өткөн-кеткен күнөөлөрүн кечирип, өзүнүн эле аброюу көтөрүлмөк беле.

Булак: “Майдан. kg” гезити

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − 74 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: