2005-жылы Анжиян кандуу окуясынан кийин Өзбекстан Ички иштер министрлигинен Улуттук коопсуздук кызматына өткөн Атайын ички иштер аскерлиги кайра ИИМге кайтарылмай болду.
Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 31-январда “Улуттук коопсуздук кызматын заман талабына шайкеш кайра түзүү зарылдыгы жөнүндө” жарлык чыгарган соң реформа башталган.
“Азаттык” радиосунун өз булагынын кабарлашынча, Коопсуздук кызматынан ИИМге өтө турган бөлүк куралдуу колдоо көрсөтө турган системага айланат. Бул бөлүмдө эң мыкты офицерлер иштейт.
“Бул бөлүмдөр ИИМдин мурунку башчысы Зокиржон Алматовдун демилгеси менен түзүлгөн. Анда эң мыкты даярдыктан өткөндөр кызмат өтөйт. Анжиян окуясынан кийин Каримов ИИМге ишенбей калган, ошо кезде Иноятов бөлүмдөрдү бирини артынан бирин өзүнө каратып алган”, – деди “Азаттыктын” өз булагы.
Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы, генерал-полковник Рустам Иноятов 23 жыл иштеп, 30-январда отставкага кеткен. Ал президенттин саясий-укуктук маселелери боюнча кеңешчиси болуп дайындалган. Мындан тышкары Сенаттын мүчөсү катары кол тийбестик макам алды.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ