Menu

Аида Саляновага шашылыш өкүм чыкты

Бөлүшүү:

7-декабрда шаардык сот шашылыш түрдө өкүм чыгарды. Депутат Аида Саляновага акыркы сөз бербей туруп, райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Соттон чыккандан кийин журналисттердин бир топ суроолоруна депутат жооп берди. «Эмне мындай шашылыш чечим болду? Кандай кадамдарга барасыз?» деген суроолорго, Аида Жеңишбековна кыскача мындай деп жооп берди: «Адилетсиз чечим болду. Мыкты, тажрыйбалуу адвокаттар күнөөм жок экенин далилдеп атса да, көзгө чукуп айтып жатсак да, аны соттор эске алышкан жок. Булардын максаты – менден мандатты алуу. Аларга мандат маанилүү болсо, мен үчүн маанилүү эмес. Себеби, мандат мага статус үчүн эмес, микрофон үчүн керек болчу. Микро­фон дегеним, парламенттеги трибунадан элдин көйгөйүн, үнүн жеткирип туруу болчу. Мен мындан ары да арызданам, мыйзамдуу кадамдарды жасайм. Себеби, соттун чечими туура эмес, мыйзамдуу эмес!»

Булак: Азия Ньюс 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: