Бишкекте 515 миң сом уурдаган деп шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кылмыш 11-сентябрда саат 04:30 чамасында Байтик Баатыр көчөсүндөгү жеке үйлөрдүн биринин короосунда жасалган. Белгисиз адамдар “Toyota Land Cruiser” унаасынан 10 миң сом уурдап, үйүнөн 25 миң сомдук сейфти алып чыгышкан, ичинде 6 миң доллар болгон. Жалпы чыгым 515 миң сомго бааланган.
Милиция ыкчам маалымат алып, кылмышка шектүү – 1991-жылы туулган Ж.С. аттуу жаран. Ал кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, андан кийин эки ай бою СИЗО-1ге камалды.
“Атайын тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө шектүү уурдалган сейфти кайсы жерге ыргытканын көрсөткөн. Тергөө иштери улантылып жатат, шектүүнүн башка кылмыштарга катыштыгы бар экендиги такталууда”, – деп айтылат маалыматта.
Ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси “Уурулук” боюнча иш козголгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ