Menu

Тойчубеков менен Мырзакматов Анкарада күн кечиришүүдө

Бөлүшүү:

«Эшек бизнеси» менен атын булгап, акыры өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон экс-чиновник Юруслан Тойчубеков менен Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов ушул күндөрү Түркиянын борбору Анкарада күн кечирип жүрүшкөнүнөн кабардар болдук. Юруслан Тойчубеков Кыргызстандан куулар замат алгач Россияга баш калкаласа, Мелис Мырзакматов Үрүмчүгө жан бакканга ашыгышкан экен, бирок, орус бийлиги менен Кытай тарап экөөнө «силердин биздин өлкөдө жүргөнүңөрдү кыргыз бийлиги жактырбай жатат» таризинде «бурк» этишсе, экөө акыры Анкарадан түнөк табышканын кыргызстандык мекендештерибизге айтып, «буктарын төгүп» алгандары каңкууланды. Мырзакматовго азырынча сөз жок, а берки Тойчубе­ков карыган доорунда шүк жүрсө, мекенинен куулбай, неберелеринин кашында жүрөт эле да. Элге шарият тыюу салган эшектин этин жегизген пендеге кандай сөз айтууга болот? Азырынча коомчулук баасын бере турсун.

Булак: Азия Ньюс 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 32 = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: