Menu

Кайрат Кыргыз, ырчы: «Кыргыз деген атты алып жүрүү чоң жоопкерчилик»

Бөлүшүү:

«Жаштык кез» деген ыры, өзгөчө имиджи менен көпчүлүктүн көңүлүн бура алган Кайрат Кыргыз тууралуу билесизби? Маданияттын мыкты кызматкери Кайрат Салмакеев Бишкек шаарында туулуп өскөн. Бирок бала чагы Жети-Өгүздүн Ак-Дөбө айылында өткөн. Кайрат Кыргыз менен болгон маекке назарыңыздарды буралы.

–Кайрат мырза, паспорттогу эле Кайрат Салмакеев деген аты-жөнүңүз менен эле ушундай популярдуулукка жетүүгө болбойт беле ?

–Мен чыгармачылык менен  иштеп жаткандыктан Кайрат Салмакеев менен Кайрат Кыргыз бирдей эле сезилет мага. Анткени, мен өзүм кыргыз болгондуктан Кайрат Кыргыз деп чыктым. Ар бир адам кыргыз деген атты атайын айтып турса бул мен үчүн өзүнчө керемет.

–Социалдык тармактарда сын-пикирлерге кандай жооп кайтарасыз?

–Мен тарапка айтылган сын-пикирлерге абдан жакшы көз караштамын. Өзгөчө жакшы айтылган пикирлеге кубанып коем. Ар бир адамдын өзүнүн деңгээлине жана мүмкүнчүлүгүнө, иштеген ишине жараша сын айтылат. Алардын баарын тең таразалап, жакшы сын-пикирлерди гана кабыл алам.

–Көп аялдуулук маселесине кандай көз караштасыз?

–Эми эки аялды бага алса каршы деле эмесмин, бирок ортодо эркек чайналып калат да, же тиякта эмес же биякта эмес. Карыганда кандай болот ошону ойлонсун, балким экөөнү тең гаремдегидей кылып бага алаар. Мен сүйүүгө туруктуу болгондуктан бирөө эле жетет. Башкалары менен ишим да жок.

–Кепти чыгармачылыкка бурсак, кийинки ырыңызга да азыркыдан бөлөк образ, өзгөчө форма болобу?

—Мен башында эле ар бир клип өзүнчө өзгөчөлүктөр менен болот деп пландагам. Буюрса, кийинки клип дагы өзгөчө, башкача форматта болот.

–Кырыз тилин канчалык деңгээлде билесиз, «Атың чыкпаса жер өрттө» дегенди чечмелеп бериңизчи?

–Мен кыргыз тилин абдан жакшы билем. Себеби мен өзүм редактор болуп иштегем, китептерди дагы чыгаргам. «Атың чыкпаса жер өрттө» дегенди мага кыйытып айтып жатсаңыз керек, чечмелеп бере албайм. Себеби дегенде менин ырым абдан жакшы алынгандыктан кайсыл гана жерде болбосун бир күнү болбосо бир күнү баары бир чыкмакмын. Бул менин стилим, бул өзүнчө бир имидж. Андыктан жогоруда айтылган макалдын мага тиешеси жок. Мен мурунтан бери ушинтип ырдап келгем жана дагы деле өзгөчөлөнүп ырдай бермекчимин.

–Үй-бүлөңүз жөнүндө кеп кылсак?

–Үй-бүлөм жөнүндө кеп кылгым келбейт.

Эркек эркектей эле болсо деген сынга кандай жооп бересиз?

–Мен патриот болгондуктан Кайрат Кыргыз деген ат менен чыгып жатам. Бул эркектик чоң жоопкерчилик. Мындай кадамды көпчүлүк даап жасай албайт. Стилди өзгөртүп койсо эле башкача болуп калган жокмун, кайра ошол эркектик патриоттук сезим менен жүргөнүмдү билишсе болот.

Сайкал Илиасова

Булак: Де-Факто 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: