Menu

Казакстандык лыжачылар Олимпиадада алдыңкы ондукка киришти

Бөлүшүү:

Пхёнчханда өтүп жаткан кышкы Олимпиада оюндарында эркектер арасындагы 4 х 10 чакырым аралык боюнча эстафета жарышында казакстандык лыжачылар сегизинчи орун алышты. Жарыштын биринчи бөлүгүн Казакстан курамасынын лидери Алексей Полторанин биринчи болуп жыйынтыктады.

Бирок кийинки бөлүктөрдө казакстандык спортчулар артыкчылыкты кармап кала алышкан жок. Экинчи бөлүктө Евгений Величко бешинчи орун алса, кийинки бөлүктөрдө Виталий Пухкало менен Денис Волотка көрсөткүчтү жакшырта алышкан жок.

Жыйынтыгында алтын медалды Норвегия курамасы алса, күмүш медалга Орусиядан барган спортчулар, коло медалга Франциянын лыжачылары ээ болушту. Казак курамасы норвегиялыктардан үч жарым мүнөт артта калышкан.

Полторанин 24-февралга белгиленген 50 чакырымдык классикалык стилдеги марафондо жеңишке жетүүгө ниеттенип жатканын билдирди.

XXIII кышкы Олимп оюндары 25-февралда жыйынтыкталат. Азырынча Казакстан курамасында бир коло медал бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: