Menu

Кыргызча билсең кыйналбайсың

Бөлүшүү:

Кыргызстан негизи өтө эле толеранттуу өлкө. Албетте ал деле жакшы деңизчи. Бирок өмүр бою Кыргызстанда жашап, кыргызча кыпындай сөз билбеген, тагыраагы билгиси келбеген орус тилдүү мекендештерибизге чындап капа болосуң кээде. Англис, немис тилин, жадагалса кытайча бат эле үйрөнүп алып жаткан орус тилдүүлөрүбүз кыргызчага келгенде эле кыйкырып чыгышат. Орусияда орус тилин билбегендер көчө шыпырып иштегенге да акысы жок. А Кыргызстанда кыргыз тилин билбегендер министр, өкмөт башчы, депутат болуп иштешет. Каалайсыңарбы, каалабайсыңарбы силер Кыргызстан деген мамлекетте жашап жатасыңар. Демек кыргызчаны да билишиңер керек. Эртеби-кечпи кыргыз тили өз ордун табат. Азербайжан мисалы орус тилин кан буугандай токтоткон. Орус тилин билбеген бүтүндөй бир муун пайда болду. Алар бирок англис, түрк тилдерин билишет. Өлбөй-житпей эле жакшынакай жашап жатышат. Ошондуктан урматтуу Новиков, Панкратов, Чудинов жана башка орус тилдүү кыргыз жарандары, кыргызчаны үйрөнгүлө. Кыргыз тилин үйрөткөн 2 миң сомдук курстарды 12 миң сом кылып, элдин акчасын уурдаганды дагы токтоткула.

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 32 = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: