Menu

20-26-февралда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба ырайы

Бөлүшүү:

Шашылыш билдирүү!

2018-жылдын 19-февралынан – 21-февралына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-137 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) жана 355-370 чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу), Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99 чакырымдарында, Красная  Горка- Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун 67-94 чакырымдарында (Кара-Көө ашуусу), ошондой эле Ийри – Суу участкасынын 42-44 чакырымдары, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 45-90, 145-150 чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек авто унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92 чакырымдарында, кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

20-24-февралда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба ырайы

20-февралда түнкүсүн  жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с.

21-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын  айрым жерлеринде жаан-чачын жаашы күтүлөт.

21-февралда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан-чачын жаашы күтүлөт.

22-февралда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын жаашы күтүлөт.

22-февралда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор  тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 14 метрге  жетиши күтүлөт.

23-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. 24-февралда кээ бир тоолуу районунда бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак, тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

25-26-февралда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба ырайынын жакындатылган болжолдоосу

25-26-февралда айрым жерлерде жаан-чачын жаашы мүмкүн.  Абанын температурасы дээрлик  өзгөрүлбөйт.

20-22-февралда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

20-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с.

21-февралда жана 22-февралда түнкүсүн  мезгил мезгили менен жаан-чачын жаашы күтүлөт. 22-февралда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

20-22-февралда Ош шаарында күтүлгөн аба ырайы

20-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с.

21-февралда мезгил мезгили менен жаан-чачын жаашы күтүлөт. 22-февралда  жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: