Menu

Мамлекет менен коомдун күч-аракеттери биригип, кыйноолорго эч жол бербейли!

Бөлүшүү:

Өткөн жума этегинде кыйноолордун алдын алууда мамлекет менен жарандык коом уюмдарынын күч-аракеттерин бекемдөөгө багытталуучу, Европа биримдиги тарабынан үч жылдык биргелешкен долбоорду ишке ашыруунун башталышына арналган жыйын болуп өттү. Кыргызстан жабык мекемелерде кыйноолорду түп-тамырынан бери жоюуга багытталган эл аралык милдеттенмелерге катышуучу өлкө катары эсептелет.

 Азамат ШАМБИЛОВ, “Penal Reform international” уюмунун Борбор Азия чөлкөмүндөгү директору:

— Эл аралык түрмөлөрдү изилдөө борборунун маалыматтарына ылайык, кылмыш жана жаза аткаруу мекемелеринде 10 миңден ашуун соттолгондор жазасын өтөп жатат. Дүйнөлүк беделди аныктоочу жадыбалда Кыргызстан түрмөдө отурган адамдардын жалпы саны боюнча 93-орунда турат: мында өлкөнүн жалпы калкынын ар бир жүз миңине 166 сот жазасын өтөп жаткан адам туура келет. Бирок, кыйноого адамдар жабык түрдөгү баардык мекемелерде дуушар болушу ыктымал. Бейөкмөт уюмдары жүргүзүп жаткан изилдөөлөрдүн статистикасы жана саламаттык сактоо министрлигинин маалыматтары көрсөткөндөй, мыйзамсыз иш-аракеттердин басымдуу бөлүгү сотко чейинки мезгилде жасалып жатат. 2016-жылы башкы прокуратурага кыйноолор жана башка ырайымсыз адамдын беделин түшүрүүчү мамилелер менен жазалардын түрү жөнүндө өлкө боюнча жарандардан 435 арыз келип түшкөн. Баардыгы болуп 33 кылмыш иши козголду. Ырайымсыз мамиле жөнүндө айта турган болсок, соттор 55 ишти карап, 62 кызмат адамын сот жазасына тартуу жөнүндө чечим чыгарган. Азыркы кезде соттор кыйноо аракеттери үчүн 116 айыпталуучу боюнча 43 кылмыш ишин карап жатат.

Нурдин СУЛАЙМАНОВ, кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору:

— 2017-жылы кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун дарегине 217 кайрылуу түшүп, анын 104ү кыйноо ыкмаларын колдонууга байланыштуу болсо, 25и ырайымсыз мамиле жөнүндө арыз эле. Бул арыздануучулардын 95 пайызы. ИИМ тутумунда 8 пайыз, УКМКда бир пайыз КЖАМКда кыйноо аракеттери жөнүндө билдирген. Ысык-Көл жанан Чүй облустарынын мекемелеринде эки арыз боюнча кылмыш иштери козголду.

 Шарлот АДРИАН, БУУнун атайын докладчысы:

— Өлкөдө көрүлгөн чаралар кыйноолорго каршы эч бир чыдабастык мамиле саясатын курууга негиз түзүп, БУУ менен диалогду жана анын жол-жоболору менен иштөөнү улантууга Кыргызстандын даяр экендигин баса белгилейт. Бул болсо тырышчаактык менен жасалган иш-аракеттердин аркасында кыйноолорду териштирип, документтештирүү, аларга каршы күрөшүү жана акыр аягында түп-тамырынан бери жоюу иштеринин натыйжалуу каражаттары иштелип чыгып, ишке киргизилет деп үмүттөнөм.

Кубат ОТОРБАЕВ, КР акыйкатчысы:

— Мен биринчиден, Евробиримдикке ыраазычылыгымды билдирмекмин. Акыркы жылдары Евробиримдиктин жардамы менен көптөгөн иштер алдыга жылды. Кыйноолорго каршы иш алып барууда комплекстүү мамиле кылыш керек. Мыйзамдардын чабалдыгы да буга түрткү берип аткансыйт. Биз өзүбүздүн кеп-кеңешибизди тиешелүү жерге берип, сунушубузду өз учурунда айтабыз. Башкы прокуратура менен тыгыз иш алып барууда кыйноолорго каршы күрөштү биргеликте, ачык-айкын сурамжылоо кылуудабыз. Атайын бөлүмдөр бар. Анын ичинде медицина тармагынын кызматкерлери да кирген.

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ

Булак: Азия Ньюс 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − 73 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: