Menu

Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер: “Президент коопсуздук кеңешинде “А” деди, бирок, “Б… сын” айтпай койду…”

Бөлүшүү:

– Азимбек Анаркулович, сиз абакта ачкачылык кармап жаткан саясатчылардан кабар алып келдиңиз. Алардын абалы оор деп айтылууда. Эл-жер үчүн күйүп жатканы түшүнүктүү, бирок алар да Шералы Назаркуловдун тагдырына туш болсо, ким жооп берет?

– Абактагы ачкачылык кармап жаткандардын баарына жолуга албадым. Бир гана Бектур Асановго гана №47 колонияга кирип, жолуктум. Бир жагынан анын адвокатымын, экинчи жагынан көп жылдан бери сыйлашып, бир тууган инимдей жакшы көргөн санаалашым. Саясатта да үзөңгүлөш жүрдүк. Анан ушундай убакта кирип, акыбалын сурабай коюу мүмкүн эмес эле. Эгерде ачкачылык кармап жаткандар бирдеме болуп кетсе, бийлик жооп бербейт бүгүн. Шерали Назаркулов да каза тапканда саясий жактан бийлик күнөөлүү болгон. Себеби, Назаркулов Үзөңгү-Куушту коргоп, уюм түзүшүп, ачкачылык кармашкан. А бул оппозиционерлер өздөрүнө тийиштүү кылмыш ишке нааразы болуп жарялашты. Абдил Сегизбаев туура эмес кадамдарга барганын айтышып, анын кызматтан кетүүсүн талап кылып жатышат. Ошондуктан, Назаркулов менен учурдагы оппозиционерлердин ачкачылыгы эки башка, бири бирине коошпойт. Мен Бектурга айттым: “Бектур иним, саясатка кирдиңби, камаласың, же каматасың, саясатчы болом десең, ден соолугуңду кара. Бардык нерсе Кудайдан деп намаз оку, Кудайдан суран, жолумду ач, күнөөлөрүмдү кечир де”,- деп кеңешимди айттым. Ошондуктан, булар кокусташса, бийлик күнөөлүү болбойт. Сегизбаев деле айтат: “Мен эмне кылдым, баарын сотко өткөрүп бердим, сот чечимин чыгарды”,- деп.

– Абдил Сегизбаев кызматынан кетиши мүмкүнбү?

– Абдил Сегизбаев ансыз деле кетет. Балким, парламент кетирет. Анткени, ал Атамбаевдин заманында экс- ажо үчүн баш-оту менен иштеп берди. Улут, мамлекет үчүн иштеген жок, кызматка койгон Атамбаевге иштеди. Бүгүн башка президент келди, эми ал өзүнүн кишисин алып келет. Сегизбаев сүйүнгөн бойдон кетет, ал өзү деле кете албай жүргөн болушу керек.

– Бишкек ЖЭБиндеги авариянын болушуна жакшылыктуу модернизация болбогонун, ага Атамбаевдин айыбы бар экенин айтышты. Сиздин оюңуз кандай?

– Кыргыздар кичинекей бир нерсе болсо эле, “Акаев кылып атат, Бакиев кылып атат, Атамбаев кылып атат”- дегендерди үйрөнүп алганбыз. ЖЭБ менин билишимче, мэрияга карайт. Анан мыйзам бар, депутаттар мыйзам кабыл алып жатат, эгер ушундай кырдаал болсо, комиссия түзүп караш керек. Аэропортто канча адам каза тапты, депутаттар не жыйынтык чыгарышты, Батукаев качып кетти, анда не жыйынтык чыгарышты? Бул жаман, тиги жаман деп эле президентке асыла бербей, реалдуу иш аракетти жүргүзө турган кызматтардан да талап кылыш керек. Ушул эле депутаттар кайра кайра келип атышпайбы. ЖЭБдин артында Атамбаев турат болуш керек деген эл эртең эле кайра ушул депутаттарды шайлашат. Батукаевдин кетишине ким күнөөлүү, ЖЭБдеги аварияга ким күнөөлүү? Ушул суроолорго жооп табыш керек да. Бийликке караштуу депутаттардын баары камалды. Азимбек аке Атамбаев досун коргоп жатат дебегиле, бирок, бирдеме болсо эле Атамбаевди ала жаткан болбойт.

– Президенттин коопсуздук кеңешиндеги айтканына кандай баа бересиз?

– Президент коопсуздук кеңешинде “а” деди, бирок, конкреттүү ушул иштер болот деп “Б…сын” айтпай койду. Алты айга чейин мөөнөт берип койду.

(Кийинки сандагы уландысында мындан да сенсациялуу жагдайлар тууралуу Азимбек Анаркулович айтып берет)

Гүлмайрам Турусбекова

Булак: Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: