Жогорку Кеңештин спикерлигин көздөп, бирок тилеги ишке ашпай калган Алтынбек Сулаймановдун учурдагы максаты Ош шаарына мэр болуу окшойт. Шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин жакшы колдоп берди. Бир ирет Текебаев “Алтынбек Сулайманов президенттикке татыктуу” – деп койсо дердеңдеп кетти эле. Негедир Сооронбай мырзага каршы чыккан жок. Ошто Сулаймановдун бир топ болбосо да анча-мынча колдоочулары бар. Бирок экс-мэр Мелис Мырзакматовдун деңгээлине жетпейт. Эгер мэр болуп калса Мелистей болуп иштей алабы деген суроо туулат. Ошко башчы болуш да оңой эмес.
Булак: Ачык саясат
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ