Бишкек Жылуулук электр борборундагы аварияга байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия ТЭЦти модернизациялоо иштерин жүргүзүү иштерине түздөн-түз тиешеси бар жетекчилердин ой-пикирлерин угушту. Ошол кездеги жетекчилердин айрымдары комиссиянын жыйынына келүүдөн баш тартты. Келгендери актанып, күнөөнү башка жактан издегиле дегенди кыйытышты. Маселен, ТЭЦти жаңылоо учурунда энергетика министри болуп турган, учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев Кытайдын ТВЕА компаниясын Жогорку Кеңеште чуркап жүрүп колдоткон. Эми суудан кургак чыгуунун амалын издеп, «Кытай компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү «Электр станциялар» жүргүзгөн» – деп, күнөөнү кол алдындагыларга оодарууда. Уят да э-эй. «Айран ичкен кутулуп, аяк жалаган тутулат» болгону калды бул жагы. Бул иште Артыкбаевдин жоопкерчилиги чоң. Азыркы 1-вице премьер министр Аскар Шадиевдин бул иште колу булганып калган. Экс-премьер министр Жантөрө Сатыбалдиев да соо эмес. Жооп беришсин ушулар. Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюшпай…
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ