2018-жылдын 13-март күнү саат 22:40 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында (Чычкан капчыгайы) көлөмү болжол менен 2 500 000м3 түзгөн кар көчкү түшүп, унаа жол жабылган. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок.
Тартылган күч жана каражаттар: КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан (КДМБ) 20 куткаруучу, КР Мнин Республикалык нчкуткаруу отрядынын (РӨКО) №2 ӨИКОнан 20 куткаруучу, №23 ЖТИден 2 жүктөгүч, №30 ЖТИден 1 жүктөгүч, №9 ЖТИден 1 жүктөгүч жана 4 кызматкер тартылган.
Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар:Тартылган техниканын жардамында Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымы тазаланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ