Menu

Ташкентте Каримовдун кеңешчиси камалды

Бөлүшүү:

Прокуратура кызматкерлери 24-февралга караган түнү Ташкент облусунун мурдагы прокурору, юстициянын укук кеңешчиси Жамшид Файзиевди өз үйүнөн кармап кетишти.

26-февралда өлкөнүн Башкы прокуратурасындагы булактар кабарлашкандай, ага каршы мурдагы башкы прокурор Рашид Кадыровдун көрсөтмөсүнүн негизинде кылмыш иши козголду. Ага ылайык, Файзиев кызмат абалын кыянат пайдаланган жана пара талап кылган деп айыпталды. Ал Ташкент облусунун прокурору кызматынан былтыр, президент Мирзиёев аны «башкы ууру» деп атагандан кийин бошотулган. Файзиев 2013-жылы Ислам Каримовдун укук коргоо органдарын координациялоо боюнча кеңешчиси болуп дайындалган. Бул кызматта тогуз ай иштегенден кийин башкы прокурордун орун басары болгон. Мирзиёев бийликке келгенден кийин Ташкент облусунун про­курору кызматына дайындалган.

Булак: Жаңы Ордо 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: