Menu

Айлык акы боюнча акыркы орундабыз

Бөлүшүү:

Айлык акынын көлөмү боюнча Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң акыркы орунда турат. Бул туурасында КМШнын өлкөлөр аралык статистикалык комитети маалымдаган. Комитеттин маалыматына ылайык, КМШ аймагындагы айлык акы көлөмү эң төмөн болгон өлкөлөр: Тажикстан, Кыргызстан жана Мол­дова.

Башка өлкөлөр менен салыштыра келсек, орточо айлык акылар төмөндөгүдөй:

Орусия $652, Москва $1216 Казахстан $451, Астана $665 Беларусь $413, Минск $578 Армения $394, Ереван $424 Кыргызстан $215, Бишкек $282 Билим берүү министрлигинин маалыматында Кыргызстанда иштеген 75 миңдей мугалим учурда орто эсеп менен 13 миң сом эм­гек акы алат. Мугалимдер болсо орточо айлык мындан бир топ аз экенин, азыркы базар шартында бул каражат күнүмдүк оокаттан ашпай турганын белгилешет.

Дарыгерлердин орточо эмгек акысы 2017-жылы 12 миң 105 сомду түзгөн. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин коллегиясында белгилүү болгон. Анда маалым болгондой, орто категориядагы медициналык кызматкер айына орто эсеп менен 9 миң 143 сом алса, кичүү кызматкерлер 6 миң 385 сом алышат.

Эмне үчүн билим берүү тармагы, биздин медицина жемкорлукка белчесинен батып, сапаты жагынан да аксап жатат? Таңкалбай эле коюу керек. Чынын айтканда, өлкөдөгү жашоо менен кадимки мугалим, дарыгер ж.б. кесиптегилердин айлыгы төп келе бербейт, эч нерсеге жете бербейт. Ошентип башка кошумча иштер ме­нен да алектенүүгө, жемкорлукка барууга аргасыз болушат.

Ал эми экономика серепчиси Нургүл Акимова: «Бир үй-бүлөнүн орточо эле чыгымын эсептей келсек, эгерде батирге акча төлөп жашабаса 40-50 миңдин тегерегин түзөт. 2017-жылы орточо эмгек акы 6-7%га өскөнүн, статистика комитети 14874 сом деп баалашканын маалымдаган. Жыл санап инфляция жогорулоодо. Азык-түлүк кымбаттоодо» деп белгиледи.

Эмгек акылар, пенсия, жөлөк пулдар башка өлкөлөрдөгүдөй жогору болуусу жомокто эле кездешчүдөй. Кай тарабыңды караба көңүл чөгөргөн эле көрүнүштөр.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 + = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: