Баткен облусунун 202 айылынын 30у гана интернет-байланышы менен камсыз этилген. Бул жөнүндө аймактын жетекчиси Абиш Халмурзаев жыл жыйынтыгын чыгарган отурумда билдирди.
– Интернет менен Баткен облусун толук бойдон камсыздоо үчүн болжол менен 60 миллион сом керек! – деди Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев. Маалыматка караганда, мындан тышкары, Баткен облусунун 42 айылында мобилдик байланыш дагы эмдигиче жок.
Булак: Майдан.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ