Якутск шаарынан жасалма миграциялык документтерди саткан кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда SakhaNews маалымат агенттиги билдирди.
ФККнын тергөө бөлүмү Орусиянын Саха (Якутия) Республикасында миграциялык документтерди жасап саткан кыргыз диаспорасынын лидери Б.ны жана Орусия жараны Т.ны колго түшүрүштү. Кармалгандар акчаны Борбордук Азия өлкөлөрүнөн келгендерден алып турушкан. Кыргыз жараны Б. жасалма документ жасаган болсо, орус жараны Т. кардарларды таап турган. Алынган акча каражаттарын экөө тең бөлүп алышкан.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ