Menu

“Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева бейкүнөө адамдарды сыздатканы үчүн камалсын!”

Бөлүшүү:

Өлкөдө соңку убакта сотторго болгон элдин кыжырдануусу болуп көрбөгөндөй чекке жеткендигинен улам рубрика сынына бул сапар Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеваны чыгардык. Бүгүн абийирсиз фемида өкүлдөрү менен сот тармагын бул айым саздан чыгарып, реформа жолуна сала алабы? Дегеле адам тагдырын каалагандай калчаган судьялардан канткенде тазаланабыз? Башкы фемидачылар элдин ишенимин актай алышабы? Же жаңы президенттин келиши менен Токбаева да кызматынан кетип, сот системасын биротоло түп-тамырынан жаңылоо керекпи? Биз мындай соболдорубузга тийиштүү жоопторду алып, эл сынына койдук. Эмесе, өлкөдөгү сот системасы жана анын анабашчысына карата коомчулуктун баасы кандай экендигине төмөндөгү пикирлерден улам ынансаңыздар болот. 

Рита КАРАСАРТОВА, укук коргоочу:

— Ар бир мекеме туура иштеп кетүү үчүн керектүү механизмдери керек. Биринчиден, башчы жамаатын туура багытка салуу үчүн ал авторитет болуусу абзел. Ошондо “соттордун төрагасы кантип шайланат?” деген суроо бар. Азыр практикада “соттор ачык добуш беришет” деп мыйзам аныктаган, бирок, ал төраганын ысымын президенттин аппаратынан түшүрүп беришет. Ошондуктан, ал төрага авторитети жок болуп жалпы жамаатын туура багытта алдыга сүрөп кете албайт. Фемида бул жетекчинин кол алдында оңолууга мүмкүн эмес. Анткени, буюртма аткарган, ошол буюртманы жергиликтүү сотко таркаткан жетекчи оңолууга алып келбейт. Түп-тамыры менен жаңылайбыз деп 2010-жылы эле туңгуюкка келбедикпи? Ошондуктан, баарын алмаштыруунун кажети жок, бирок, кынтыксыз жүрүм-турумун, мыйзамдуу эмес чечимдерди чыгарган соттор бери дегенде жумушунан айдалып, ары дегенде жоопкерчиликке тартылып турса, ошону тазалануу жана өнүгүү десек болот. Албетте, Токбаеванын сот системасынын ушул абалга келгенине кандайдыр бир деңгээлде күнөөсү бар. Жетекчи деген чечкиндүү, таза, өз талабын коргой алган инсан болушу керек. Соттор өз көз карандысыздыгын ар бир күнү мыйзамдуу чечим чыгарып коргошу керек. Азырынча башкы фемидачы Токбаеваны кызматтан кетүүсүн талап кылганыбыз туура эмес. Бирок, алдына катуу талап коюу керек. Же оңдосун же төрайымдыкты бошотуп берсин. Чын айтканда, азыр сот тармагын башкарган Манас Арабаев деген президенттин аппаратынын сот реформасын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы. Соттор үчүн бул уят нерсе.

Асия САСЫКБАЕВА, экс-вице-спикер:

— Сот системасы адилеттүү иштебесе мамлекетке зыяны абдан чоң болот. Көп нерселерге таасирин тийгизет. Биринчи иретте, бийликке ишеним жок деген соттордон башталат. Бул кылымдардан келген түшүнүк. Ал эми биздин соттор бүгүн такыр эле мамлекетибизди тааныбай калды десек болот. Анткени, мамлекет бул мыйзам. Мыйзам сакталбаган мамлекет акырында кыйрайт. Бул тарыхый факт. Биздин соттордун чечимдери акыйкаттыктан эмес, акчанын санынан, бийликтин буйруктарынан, өз кызыкчылыктардан көз каранды болууда. Менин оюмча, бүгүнкү сотторго элдин ишеними арткан жок. Ошондуктан, Грузия, Казакстанга окшоп жаңы сотторду тартыш керек. Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын алы жана эрки жок окшойт. Анын ошол орунга кандайча келип калганы да түшүнүксүз. Өз ыктыяры менен кетип калса жакшы болор эле. Канча кыргыздын чыгаан уул-кыздарын соттоп, мүлкүн тартып алып, түрмөгө отургузуп коюшту. Бул кечирилгис иштер! Убагы келгенде азыркылар сөзсүз түрдө жооп бериш керек!

Динара ОШУРАХУНОВА, укук коргоочу:

— Сот системасынын оңдолушу жалгыз соттордун реформасы менен чечилбейт. Кеп саясаттын аралашканы соттун көз карандыдан кантип алыстатсак болот деген суроо. Ошондуктан, соттук реформага кеткен 20 жылдын ичинде эл аралык уюмдардын каражаты кайсы ишке айланып, эмнеси жакшырды, эмнеси иштебей койду деген жалпы инвентаризация жасаш зарыл. Ал анализ эмне маселелер чечилбей келе жатат дегенди көргөзүш керек. Андан кийин ошол тармактарды кандай оңдош керек? Учурда сот системасы бүтүндөй саясатташып, буюртма чечимдерге алып келди. Жалгыз сот системаны реформалаганда ал тазаланбайт. Прокуратура, милицияны кошо чогуу реформалаш керек. Анткени, укуктук система жалгыз сот эмес. Ошондуктан, реформаланганда баардык укуктук системага тийиштүү органдарды да тазалаш керек. Ал эми соттун башын алмаштырган менен сот системадагы көйгөйлөр чечилбейт. Сотторду кантип президенттен жана башка бийлик аткаминерлеринен көз каранды кыларын ойлош керек.

Азиза АБДРАСУЛОВА, укук коргоочу:

— Жагдай аябай кызык болуп калды. Биринчиден, биз ар бир сотту көз карандысыз болсун дегенбиз. Бүгүн биз Жогорку сотту жоопкерчиликке чакырып жатабыз. Сот реформасы деген бул – дээрлик ар бир сот көз карандысыз дегенди түшүндүрөт. Керек болсо райондук сот президентти чакырып суракка ала алат дегенди туюндурат. Ал эми Айнаш Токбаева бир чо-оң реформа кыла алган жок. Анткени, реформа бир гана сот системасында эмес, жалпы укук коргоо системасында жүрүшү керек эле. Соттордун көз карандысыздыгы, биринчиден, ким аны шайлайт? Экинчиден, ким аларды каржылайт? Үчүнчүдөн, кимдин алдында ал отчет берет? Биз ушул жагдайлар боюнча толук кандуу реформа жасай алган жокпуз да.

Ийгилик БОЛСУНБАЕВ

Булак: Азия Ньюс

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: