Menu

“Ачык саясат”: Элине батпаган шоркелдей Акаев

Бөлүшүү:

Алгачкы сөз Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев тууралуу болмокчу. Ачыгын айтыш керек. Бул кишинин доорунда мамлекеттик атрибуттар кабыл алынып, өлкөбүздүн улуттук акча бирдиги-сом жүгүртүүгө чыгып, андан тышкары эгемендүү мамлекет катары Кыргызстан бир катар дүйнөлүк уюмдарга мүчө болгондугун эсибизден чыгарбашыбыз керек. Ошону менен бирге «Медалдын эки бети бар» демекчи, ал кишинин корруп­циям жол ачып бергендигинин, кадр саясатын баш-аламан жүргүзгөндүгүнүн айынан мамлекетибиз эмдигиче өнүгүү жолуна түшө албай элибиз дагы эле кыйынчылыкты баштан кечирип жаткандыгын баса белгилеп кетмекчибиз. Бийликке кумары тойбогон Акаев Конституциянын каалагандай бурмаланышына ачык эле жол берип, өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн референдумдарды өткөрүп, өзүнүн үй-бүлөлүк бийлигин бекем орнотту. Мамлекетибиздеги завод-фабрикаларды бир ууч топтун колуна карматып, алардын түп-тамырынан бери талкаланышына себепкер болду. Элдин көпчүлүгү туруктуу иштин жоктугунан улам каатчылыктын сазына белчесинен батты. Бир гана Акаевдин көзүнүн кареги ме­нен тең айланган аткаминерлер, элдин байлыгын тоногон ууру-кескилер гана өз дооранын сүрүштү. Кызмат орундары кадимкидей сатыла баштады. Көмүскө экономика өнүгүп, коррупция кулачын кенен жайды. Муну моюнуна алган Акаев: «Коррупция жетинчи кабатка жетти!» деп бир бакырып алганы менен эмнегедир аны менен акырына чейин деле күрөшө албады. Акаев эгер бир келген мүмкүнчүлүктү туура пайдаланып 15 жылдын аралыгында өлкөбүз үчүн жемиштүү иштеп бергенде, анда азыр экс-президент катары Кыгызстанда татыктуу өмүр сүрөт эле. Акыры өз өлкөсүнөн кубаланып чет жакта баш калкалаганга мажбур болду. Мындан өткөн кордук барбы?!.

Булак: Ачык саясат 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 + = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: