Menu

Өзбекстанда жол кайгуул кызматкерлеринин бактардын артына жашынуусуна тыюу салынды

Бөлүшүү:

Өзбекстанда Жол кайгуул кызматынын инспекторлорунун бактарга жана башка тоскоолдуктардын артына жашынып алып иштөөсүнө тыюу салынды.

Жергиликтүү ММКлардын маалыматына караганда, мындай буйрукту Ташкен шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы, генерал-майор Рустам Жураев бекетти.

Буга чейин ИИМ өкүлдөрү кызматкерлердин ачык дагы, тоскоолдуктардын артына жашынып дагы иштөөгө укугу бар экенин айтып келишкен.

Акыркы бир нече жумадан бери борбордо унааларды токтотууга тыюу салган жол белгилери каттоого алынып, башкармалыктын сайты ачылды. Ал жерге колдонуучулар жол эрежеси бузулган учурлар тартылган тасмаларды жөнөтө алышат. Андан тышкары Жол коопсуздук башкармалыгы жарандар менен интернет аркылуу байланышын активдештиргени байкалууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − 40 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: