– Премер-министр Сапар Исаковдун айрым министрлерге сөгүш бергени ишти илгерилетүүгө жасаган аракетиби же аргасы кеткендеги амалыбы?
– Мен билгени ал сөгүштү министрлерге берген жок. Министрлердин жанындагы статс катчыларга берди. Демек, бир билгени бар. Чындыгында министрдин ишине статс-катчыны аралаштырып, бутка чалынтып, министрдин башын айландырып турган система бар бизде. Эгер премьер-министрдин ушул системага көзү жетип жаткан болсо, анын ишин колдоого алса болот. Ал эми жөн эле опузалап койгусу келип аткан болсо аны убакыт көргөзөт. Менимче премьер-министр сөздөн алыс болуп, көп сүйлөбөй жумушун жасап жаткандай көрүнүп атат. Ийгилик гана каалап туралы. Баарын убакыт көргөзөт.
Булак: Майдан.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ