Menu

Эдил Байсалов, коомдук ишмер: “Күндөн күнгө Атамбаевдин күчү тайыйт. Жээнбековдуку бекемдейт. Бул табигый процессти эч ким токтото албайт…”

Бөлүшүү:

– Эдил мырза, президент Сооронбай Жээнбеков отставкасын кабыл албай койгонуна карабай Фарид Ниязов көгөрүп жатып иштен кетти? Анын бир билгени барбы же эл алдында шоу куруп жатышабы?

– Фарид Ниязовдор “шайланган президентти куурчактай эле алып жүрөбүз, ал биз айт­канда отуруп, биз айтканда турат, сөзүбүздөн чыкпайт” деп ойлошкон. Алардын ою ишке ашкан жок. Сооронбай Жээнбековдун жолу өтө улуу. Ал кече күнкү келерки, бүгүнкү пре­мьер эмес. Жээнбеков түшүнүп турат – эл ага баа берерин, бирөөнүн досу болгуча, жалпы элге кызмат кылам деген ниети бар экенин биз тана албайбыз. Бирок ал кишинин тарбиясы дагы, өзүнүн мүнөзү эч качан бирөөгө жамандык кылып, урушуп талашпайт. “Сиздики чын” дейт дагы, бирок өзүнүн саясатын жүргүзө берет. Ошону Фарид Ниязов көрүп, ал номиналдуу-формалдуу аппарат башчысы болгону менен, эч кандай таасири жок калгандыгын өзү “Акипресс” аркылуу жарыялап жатат. Фаридди деле президент дегеле беш жыл ошол орундан жылдыртпай кармоого даяр. Ал үчүн кеп анда эмес. Ниязов ошого чыдабай, “мен Форумга барып, ошол жерде параллельдүү бийлик борборун түзөм, ошол жерден кайра-кайра саясий билдирүүлөрдү таратып, Атамбаевдин атынан элдин баардыгын топтойм” деп атат. Бирок ал план ишке ашабы, ашпайбы убакыт көрсөтөт. Жээнбе­ков жалпы элдик лидер катары, ага бир партиялык жетекчилик кызыктырбайт. Убакыт анын тарабында. Күндөн күнгө Атамбаевдин күчү тайыйт, аныкы бекемдейт. Бул табигый прюцессти эч ким жана эч нерсе токтото албайт. Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону ошон үчүн шашылыш түрдө уюштурууга аракет жасашат, бирок, азыркы учурда ал план Жогорку Кеңештен дагы добуш топтой албайт. Парламент өзүн-өзү гана тарката алат. Таркаткан күнү дагы КСДП жеңишке жетпейт. 2010, 2015-жылдары 25-30 мандатты араң алышкан. Азыр андан да аз алып, уят болуп калышарын Атамбаев өзү түшүнөт.

– Эми күрөштүн нугу кайда бурулат? Президент өзү айткандай коррупция менен күрөшкөнгө күчү жетеби?

– Азыркы күрөш күч органдардын тегерегинде болот. Башкы прокурор менен ГКНБ жетекчиси өз каалосу менен албетте кетишпейт. “Коррупция менен күрөшөм” деп айтуу бул эки тараптын элге жагынайын деген эле лозунгдары. Бирок, бул процесстин табияты “камчы кимге тийет” деген күрөш болот. Ошол камчыны карманган киши бүт бийликти топтоору бышык. Азыркы учурда Исаковдун өкмөтүнүн шалаакылык, чала жумуш аткарып жаткандыгы Атамбаевтин өзүнө да жетти. Жээнбеков досунун мүнөзүн эң жакшы билет. Ал туруксуз Атамбаев өзү биринчи демилге көтөрөрүн билип турат. Өкмөт тараары менен жаңы УКМКга жаңы жетекчи дайындалат. Анткени, Жээнбековтун өзүнүн планы бар, ал бирөөнүн ээрчитме, кол баласы эмес экенин далилдей алды.

– Премьер-министр Сапар Исаковдун айрым министрлерге сөгүш бергени иштен жыйынтык чыгарууга жасаган аракетиби же аргасы кеткендеги амалыбы?

– Сапар Исаков “Биз технократтардын командасыбыз” деп өзү түзгөн өкмөт бекитилип жатканда, катуу мактанып, баардыгыбызды ишендирген. Эми жума сайын ондогон сөгүш жарыялап атканы – бул анын элдин алдында “мен эмне кылайын, мобулар иштебей атат” деп актанганы. Мынча сөгүш жарыялоо тарыхта болгон эмес. Ушуну да жетекчи деп айтабы, жини кыска, килейген эле кишилерди кызыл камчы менен чапкылап жатат. Мунун акыркы кездеги аракети кыргыздын “ат минбеген минип өлтүрөт” деген сөзүн элестетет. Исаковун өкмөтүнүн тарпы чыгып калды. Колдорунан эчтеке келбеси баарына ачык байкалды. Мамлекетке жакшылык кылбай , олуттуу реформа жасабаса да, турган нерсени бузуп бүлдүрүшбөсө болмок. Азыркы абалды толук кандуу өкмөт кризиси катары баалоого болот!

– ТЭЦтеги коррупцияны, бажы тармагында ачыкка чыккан миллиарддаган акчаларды элдин эсинен чыгарыш үчүн сөгүш бермей, оставкага кетмей деген пландалган оюндар ишке ашып жаткан жокпу?

– Сиз айткан маселе оюнчук эмес, кыргыз элин да оюн ойноп, алдап коебуз дегендери ишке ашпайт. Азыркы учурда талап катуу, би­рок күндөн күнгө нааразычылык көбөйө бе­рет. Атамбаевдин бир дагы иши ийгиликтүү бүткөн жок деп биз бир канча жылдан бери катуу сынга алып келгенибиз. Мына азыр ал кеткенден кийин үч эле айдын ичинде кар ээригендей ТЭЦи дагы, жолдору дагы, мектептери да баардыгы ачыкка чыгып калды. Мен дагы бир нерсени эстетип коеюн – Атамбаев тиги акаевчи-бакиевчи коррупционерлерди жоопко тартам деп атып, өзүнүн демилгеси менен коррупция боюнча кылмыштардан “срок давности” деген макамды алып салган. Ошондуктан бул фактылар боюнча эртеби кечпи сөзсүз жооптулар камалышат. Болуптур 2030-жылы болсун, бирок жооп беришет.

– Депутаттар ТЭЦтеги жагдайга дыкат иликтөө жүргүзүшө алабы же мококтук кылып, баары сөз боюнча калабы?

– ТЭЦ боюнча комиссия жакшы эле иштеп аткандай. Негизинен бул парламенттин регламентинин кемчилиги. Канча жылдан бери айтылып келетат парламент түзгөн атайын комиссияларга тергөө функцияларын бериш керек деп. Бул комиссия кадимкидей проку­рор дайындап, анан суракка алуу укугун да алыш керек. Ким комиссияга калп айта турган болсо анын жазасы да катуу болуш ке­рек. Комиссиянын иши аягы сотко өткөзүлүп берип, жөн эле саясий баа эмес, жооптуулар соттолушу керек. Бул боюнча парламенттик тергөө функцияларын регламентке жазып чыгуу аракетибизге дайыма мурунку президенттердин тарабынан каршылык көрсөтүлчү. Анткени алар күчтүү парламенттин тергөөсүн каалашпайт. Бирок, азыркы Жогорку Кеңеш ушуну регламентке киргизип, мыйзамдаштырып алса жакшы болот эле.

– ТЭЦ боюнча ким жоопкерчиликти алышы керек?

– Саясий жоопкерчиликти Атамбаев жана атамбаевчилер алышы керек. Азыркыдай ыйгарым укук бир да өкмөткө берилген эмес. Кээ бирөөлөр “жаш өкмөттү иштетпей жатасыңар” дейт. Ким тоскоол болуп жа­тат? Тескерисинче, толук шарттар түзүлгөн. Сариев менен Сатыбалдиевди мындай кой, Апас Жумагуловдо да мындай мүмкүнчүлүк болгон эмес. Бардык күч органдары колунда турат. Иштебейби? Мына эми эмнени канча сом менен алганынын баары ачыкка чыгып, алар алдык деген суммага элдин оозу ачылып турган чак.

Чынайым КУТМАНАЛИЕВА

Булак: Майдан.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − 58 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: