Menu

Догоев доңуз сыяктуу сезген тура

Бөлүшүү:

Мамкаттоону аз мезгил Догоев деген жаш бала башкарып калбады беле. Ошол баланын тушунда Сапар Исаковдун аягына чыкпай ташталкан болгон “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруу үчүн кытайлык “Huawei” деген компания менен 60 млн долларлык келишимге кол коюлган. Долбоорлордон жолу болбогон Исаковдун “Акылдуу шаары” да аягына чыкпай, кытайларга талак берди. Жаш бала Догоев кызматтан февраль айында эле өз каалоосу менен кетпеди беле. Көрсө ал жөн кетпептир да. “Акылдуу шаардын” аткарылышы ошол жаш балага жүктөлүп, премьер-министрдин 2-3 кеңешчиси күн сайын ага барып, жетектөөчү тура. ТЭЦ жарылып, ага жоопкер болгон адамдар тутулуп, көмүскө башкаруучулар алыстан көз кырын салып турганын көргөн Догоев “жоопкерчиликти мен тартып калбайын” деп ошондо эле куйругун түйгөн экен. Жаш бала болсо да баарын алдын ала сезген кыйын тура Догоев.

Булак: Жаңы Ордо 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: