Menu

Сооронбай Шарипович, соттордун зомбулугуна көңүл бура аласызбы?..

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын президенти ЖЭЭНБЕКОВ Сооронбай Шариповичке!

 Жогорку соттун алы жетпеген судьяга сиздин алыңыз жетеби, Сооронбай Шарипович?

 Анткени анын атасы Касымалиев Мукамбет Шадыканович Жогорку соттун Конституциалык палатасынын мүчөсү экен. Демек, анын уулу – Аламүдүн райондук сотунун судьясы Касымалиев Бакыт Мукамбетович. Кыргызда “Оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн” дегендей, юридикалык жактан чала сабат болсо дагы, мамлекеттик сот системасындагы абсолюттук жоопкерсиздик менен бирге акча менен бийликке түздөн-түз көз каранды болуп калган көнүмүш адатын карманып, өзүмбилемдик ыкма менен иш алпарып жатканы таңкалычтуу деле эмес.

Тактап айтсак:

  1. Биринчиден, өзү чыгарган аныктаманы өзү бузуп, б.а. 2016 жылдын 12-майында кабыл алган аныктамасы боюнча: “Гражданское дело по иску М.А.Бакасова к АО “Тоо-Тек” А.К.Базаркулову о взыскании суммы долга производством приостановить до разрешения другого гражданского дела по иску К.Т.Турусбекова к М.А.Бакасову и Э.Ж.Алымбекову о признании недействительным договора займа от 12.08.2013 года и возмещения материального и морального ущерба акционерам и обществу АО “Тоо-Тек” деген расмий документти бузуп,
  2. Экинчиден, Турусбековдун арызы боюнча 2016 жылдын 1-июлунда Аламүдүн райсоту чыгарган чечими 2017-жылдын 6-июлунда Чүй облсоту тарабынан аны колдоо иретинде кабыл алган аныктамасы менен бирге Жогорку соттун  көзөмөлүндө каралып жатса, Касымалиев: “Именем Кыргызской Республики  от 12 октября 2017 г. Аламудунский районный суд в составе председательствующего Б.М.Касымалиева, при секретаре А.Б.Токсобаева с участием истца М.А.Бакасова, его представителя И.П.Туркина и ответчика председателя правления АО “Тоо-Тек” А.К.Базаркулова решил: исковое заявление М.А.Бакасова к АО “Тоо-Тек” А.К.Базаркулову о взыскании долга – удовлетворить”(?) деп, мыйзам эмес, акылга сыйбаган чечим чыгарат.

Ушул эки документтин ортосунда жана эки жылдын аралыгында Аламүдүн райондук соту (Б.М.Касымалиев) тарабынан жети ирет мыйзам бузуу фактысы катталган:

1) Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодекснинин

(ЖПК) 222-беренесинин 4-пунктуна ылайык, ушул эле же башка сотто ушул эле иш боюнча жана ушул эле негизде ушул эле тараптардын ортосунда мурда козголгон иш болсо, сот тарабынан кийинки арызды кароо токтотулат;

2) Кыргыз Республикасынын “Акционердик коом тууралуу” мыйзамынын 25-беренесинин 3-пунктунун г) жана з) подпунктуна ылайык, акционердин мүлкүнө ээ болуу укугу бузулуп жана  анын мүлкүнө зыян келтирилсе,   зыян келтирген кызматкерлерге каршы сотко кайрылууга жана сотто укугун коргоого укугу бар.

3) Бирок судья Б.М.Касымалиев бул мыйзамдарды көз көрүнөө бузуп туруп, АО “Тоо-Тек” АКнын акционерлери Кенжалиевдин 24.02.2016-ж. жана Турусбековдун 29.02.2016-ж. бул ишке катышуу боюнча өтүнүчтөрүн четке кагып, аларга кабар бербестен жана процесске чакырбастан, доогер Бакасовдун адвокаты И.П.Туркин жана  “Тоо-Тек” АКсын мыйзамсыз басып алган Базаркуловдун катышуусу менен 2016-жылдын 12-майында аныктама кабыл алат: — “Отказать К.Т.Турусбекову к участию в деле по иску М.А.Бакасова к АО “Тоо-Тек” А.К.Базаркулову о взыскании суммы долга в качестве третьего лица” деп.

Бул жерде эң кызыгы: бир эле күндө, бир эле убакта, б.а. 12-май 2016-жылы судья Касымалиев тарабынан эки карама-каршы аныктама кабыл алынат:

— биринчиси, Бакасовдун “Тоо-Тек” АКсына койгон дооматы  азыркы Турусбековдун Бакасовго койгон дооматы боюнча жүрүп жаткан жарандык иш бүтмөйүнчө токтотулат;

— экинчиси, эки ишке тең тиешеси бар “Тоо-Тек” АКнын акционерлери Турусбеков менен Кенжалиевдин экинчи ишке катышуу укугу четке кагылып, “Тоо-Тек” АКсын мыйзамсыз басып алып, анын эсеби аркылуу, тактап айтканда,  белгисиз 352 000 АКШ долларын адалдоо иретинде Алымбековдун иниси Жумабаев Акылбектин Англиянын Бирмингем шаарындагы (оффшордук зона) эсебине жиберип, “Тайвандан медициналык жабдык сатып алмакпыз” деген шылтоо менен “Тоо-Тек” АКсын доого жыгып, анын мүлкүн сот аркылуу менчикке чыгарып алуу максатында.

4) Бакасовдун ишин токтотуп коюп, Турусбековдун Бакасовго койгон дооматын (352 000 АКШ долларына “Тоо-Тек” АКнын мурдагы жетекчиси Базеков менен түзгөн жашыруун келишимин жокко чыгаруу боюнча арызын) Касымалиев көз көрүнөө танып, мындан алты жыл мурда ушундай чечим кабыл алынган деген мыйзамсыз документтин негизинде отказ кылып, кайра зордук менен мүлкүнөн ажыраган Турусбековдун мойнуна 1 724 008 сом мампошлина салып койду (!?).

5) Бул мыйзамсыз чечим Чүй облсотунун колдоосу менен  Жогорку сотко чейин барып, кайра кайрылып, Чүй облсотунан кайра дагы колдоо таап, экинчи жолу Жогорку соттун көзөмөлүнө жиберилген эле.

Акыры бул иш Жогорку соттун судьялар коллегиясы тарабынан абдан тыкандык менен каралып, 2017-жылдын 26-октябрында кабыл алган токтомдун негизинде Аламүдүн райсотунун 2016-жылдын 1-июлунда чыгарган чечими жана Чүй облсотунун 2017-жылдын 6-июлунда кабыл алынган аныктамасы жокко чыгарылган.

6) Бирок Касымалиев үчүн Жогорку соттун токтомун күтүүнүн эч кандай кажети жок экен. Анткени ал 2017-жылдын 12-октябрында эле  Кыргыз Республикасынын атынан “Исковое заявление М.А.Бакасова к АО “Тоо-Тек” А.К.Базаркулову о взыскании  суммы долга в размере 24 081 481 сом – удовлетворить” (?) деп, негизги доогер-акционерлер Турусбеков, Кенжалиевдерди мыйзам бузуу менен атайын катыштырбай туруп эле, өз алдынча чечим чыгарып койгон.

7) Ал аз келгенсип, соттун чечимин аткаруучуга (судоисполнителге) ишкананы сатыкка койдуруп, 24 млн. сомдун ордуна “Тоо-Тек” АКсынын  мүлкүн (наркы 1 миллион АКШ долларынан кем эмес) чыгарып бериңиз деген арыз менен Касымалиевге кайрылышса, биздин облсотко жана Жогорку сотко кайрылган апелляциалык жана кассациялык даттанууларыбызга карабай туруп, тиги шумпайларга “Заявление М.А.Бакасова об изменении порядка и способа исполнения решения суда путем обращения взыскания на имущество должника АО “Тоо-Тек” удовлетворить” деген аныктама менен ишкананы биротоло талкалап тынды.

8) Ошентип, судья Б.М.Касымалиев өз билгенин кылып, 106 акционерге таандык,  азыркы учурдагы рынок  баасы 1 миллион АКШ долларынан кем эмес мүлкү  бар “Тоо-Тек” АКсын баш-оту менен биротоло кадимки митаам (мошенник) шүмшүктөргө итбекер чыгарып берип салды!

Азыркы убакта мындай чексиз мыкаачылык менен кабыл алынган чечимдин кесепетинен жүздөн ашык кыргызстандык үй-бүлөнүн карыган эне-аталары жаш балдар-кыздары менен бирге эмне кыларын билишпей, боздоп ыйлап отурушат!

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Сиз 8-февралда коопсуздук кеңешинин жыйынында биздин көптөн бери күткөн көйгөйүбүздү айтып чыкканыңызда абдан кубандык элек. Ошол себептен сизге 15-февралда “Азия Ньюс” гезити аркылуу атайын кайрылуу жибергенбиз. Бирок, андан бери бул соттун ишинде эч өзгөрүү жок, кайрадан тигинтип көз көрүнөө зордук менен мүлкүбүздү тартып алып, азыр талап-тоноп, бөлүштүрүп жатышат.

Аталган соттун мындай өкүмзордугун, б.а. судебный беспределин сизден башка эч ким токтото алчудай эмес! Ошондуктан, жалгыз өзүңүздөн гана жардам күтөбүз деген ишеним менен

 “Тоо-Тек” АКнын акционерлери К.Т.Турусбеков, К.Кенжалиев, К.Сүйөркулов

Биздин дарек: Аламүдүн району, Лебединовка ао, Зеленая көч., 1 А, кв 525. Тел.: 0555 788 649

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 + = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: