“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Тынчтык Шайназаров: “Жакында эле бир катар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен бирге өлкөнүн бюджетине 217 млн. сом өлчөмүндө зыян келтиргени үчүн Салык кызматынын 5 кызматкери жумуштан бошотулду. Туура болду, бирок эмнегедир Салык кызматынын жетекчилерине карата чара көрүлгөн жок. Менимче, мындай мамиле жарабайт. Салык кызматынын жетекчилеринин жоопкерчиликке тартылбай калышы туура эмес”, – деген маселени кабыргасынан койду. Кантсе да туура айтты. Азыр жетекчилерисиз кол алдындагылар эч нерсе кыла алышпайт. Натыйжада, “айран ичкендер кутулуп, аяк жалагандар тутулуп” жатат.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ