Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев: «Өкмөт тазалыкты көзөмөлдөй турган мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү менен муниципалдык полиция түзүүсү керек», – деген пикирин билдирди. Анын айтымында, аткаминерлер тазалыкка байланыштуу ишембиликтерди, акциялар өткөрүлүп жатса дагы Кыргызстан таштандыга батып бара жатат. Ишембиликтер формалдуу түрдө гана отчёттуулук үчүн уюштурулат. Тазалыкты сактоо үчүн таасирдүү механизм – бул муниципалдык полиция түзүү. Депутат аталган кызматты каржылоонун жолдорун дагы айтты. Эл өкүлү жаңы кызмат түзүлө турган болсо, чогулган айып пулдун эсебинен каржылана турганын билдирди. Өкмөт аларга айыптын көлөмүн аныктап, айып салып жана чогулган каражатты өздөрүнүн атайын эсебинде калтыруу укугун берүү керек. Муниципалдык полиция жанына курал алып жүрбөйт жана анда өз ыктыяры менен жергиликтүү тургундар иштей алат.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ