Menu

Орусия Сирия боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүгө каршы чыкты

Бөлүшүү:

Орусия Сириядагы адам укуктарынын сакталышы боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңешин чогултууга каршылыгын билдирди. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Геннадий Кузьминдин билдиришинче, Москва бул жыйынды өткөрүүгө эч кандай негиз жок деп эсептейт. «Адам укуктарынын бузулушуна байланышкан маселелерди Коопсуздук Кеңеши карабашы керек. Ал үчүн Женевада адам укуктары боюнча кеңеш иштейт», — деди дипломат. Бул маселеде Орусияны Кытай, Казакстан жана Боливия колдоду.

Коопсуздук Кеңештин жыйынын өткөрүүнү Франция, Улуу Британия, АКШ, Швеция, Польша, Кувейт жана Перу өлкөлөрү демилгелөөгө аракет кылышкан.

Акыркы жумаларда өкмөттүк күчтөр 2012-жылдан бери куралдуу оппозициянын көзөмөлүндө турган Чыгыш Гутага чабуул коюуда. Сириянын адам укуктарына көз салуу борборунун маалыматы боюнча, Асаддын аскерлери андагы каршылаштарын сүрүп чыгарып, аймактын 80 пайыздан ашыгын ээледи.

Батыш өлкөлөрү менен БУУ Сирияны жана Орусия баш болгон анын башка өнөктөштөрүн андагы согушту токтотууга чакырып келет.

БУУнун баамында, Чыгыш Гутадагы имараттардын 70 пайыздан ашыгы талкаланып, шаар гуманитардык каатчылыкка кептелген. Андагы согуштук аракеттерден улам, шаарга дары-дармек жана тамак-аш алып бараткан жүк унаалары бир канча жолу кайра артка кайтышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 + = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: