Menu

Болот Шамшиев: “Көк бөрү оюндарына мени азыркы бийликтегилер чакырышпайт”

Бөлүшүү:

Эрендердин эр оюну болгон Көк бөрүнүн эрежесин кимдер жазып, кандай инсан кадимки тай казанды ойлоп тапканын билчү белеңиз? Арийне, көпчүлүк биле бербейт, алтургай тай казанды тегеректеп жүргөн улакчылардын көбү билбейт!

Биз бул кишини абдан жакшы тааныйбыз, анын көркөм тасмаларын бала кезибиден көрүп чоңойгонбуз. Андай керемет тасмаларды учурда түшүбүздө да көрөалбай келебиз. Жогорудагы кептен улам сөз төркүнүн түшүнүп калсаңыз керек? Ооба, ал кадимки улуу режиссер, СССРдин Эл артисти Болот Шамшиев! Мына ушул улуу инсаныбыз тай казанды ойлоп тапкан залкар киши. Эмесе залкар кишибиздин аз бирок саз маегине, залкар ишине, омоктуу оюна, керектүү кебине көңүлүбүздү буралы.

– Саламатсызбы Болот Төлөнович? Сиз тай казанды ойлоп табышыңызга, көк бөрүнүн эрежесин иштеп чыгышыңызга эмне себеп болду?

– Саламатчылык! Бала кезимен көк бөрү оюнун көрүп жүрчүмүн, бирок анда тай казанды көк бөрүгө киргизүүнү ойлогон эмесмин. 1994-жылы түштүк жактан тагыраагы Ош облусунан көк бөрү оюнуна күбө болуп, эки-үч атчан жигитти жаныма алып көптөгөн тулпарлардын арасында оюнга аралашып жүрдүм. Не деген чакырым жерлерге чейин улакчы жигиттер чаптырып жүрүштү, айтор башаламан болуп эле жүрүштү, эки саат бою оюн аяктаган жок, тажап кеттим, көргүм келбей калды. Ошондо улакчыларга айттым “Жигиттер, мындай оюн таптакыр болбойт! Силер өзүңөр үчүн ойноп жатасыңар, силер өзүңөр гана үчүн эмес көрүүчүлөр үчүн оюн көрсөтүшүңөр керек. Мен силерге эреже жазып, бул оюнду абдан кызыктуу кылам, көргөн киши арманда калбайт!” деген элем.

Ошентип 1996-жылдан баштап көк бөрү мен иштеп чыккан эреже менен тартылып баштады.

Маселен футболдо дарбаза, баскедболдо шакекче бар. Спортто упай болбосо кызыгы жок болот. Көк бөрүгө улакты таштай турган бир нерсе керек экенин ойлонуштуруп жүрүп бир күнү көз алдыма азыркы тай казандын элеси тартылды, ошентип чоң машиненин дөңгөлөктөрүн алдырып келип ылай менен тай казанды жазаганбыз.

Эмнеге СССРдин маалында көк бөрү жакшы өнүккөн эмес, анткени эреже жок болгон. Айылдарда гана улак тартышчу, ал эми Мамлекеттин деңгээлинде оюндар азыркыдай өткөрүлчү эмес.

Эгерде азыр тай казан менен эрежелер жок болгондо көк бөрүнүн күйөрмандары учурдагыдай болмок эмес.

– Элүү жылда эл, жүз жылда жер жаңы демекчи көк бөрүгө дагы өзгөртүүлөрдү киргизүү мезгилдин талабы болуп турган чагы. Кандай эрежелерди жана алымча кошумчаларды киргизиш керек деп эсептейсиз?

– Мен убагында каражаттын тартыштыгынан көп ой-максаттарды ишке ашыра албай калгам. Ошол ой-максаттар ошол бойдон калып кетти. Болгону тай казанды мурдагыдай дөңгөлөктөн, топурактан эмес желим мотериалдан жазашты.Ооба, көк бөрүнү биз дүйнөлүк деңгээлге чыгарууну кааласак, олимпиада оюндарынын катарында көргүбүз келсе замандын талабына, дүйнөлүк стандартка туура келген атайын көк бөрү үчүн коопсуз ат майдан, жаңы иштелип чыккан эрежелер сөзсүз керек.

“Аккула” ат майданындагы майданга улак тарткандарын таптакыр каалабайм, ал жер өтө кооптуу жер. Ал жер ат чабыштарга ылайыкталган. Көк бөрүгө атайын өзүнчө майдан куруш керек.

Мүмкүнчүлүгүм болсо Суусамыр өрөөнүнө өзүмдүн оюмдагыдай ат майдан куруп, Кожомкул алпка арналган ат оюндарын өткөргүм келип жүрөт.

Мындан тышкары көк бөрү боюнча даректүү жана көркөм тасма тартыш керек. Тасма аркылуу биз бул керемет оюнду ааламга жайылтууга мүмкүнчүлүк алабыз.

– Учурда ат майданга барып улакчылардын оюнуна күбө болуп турасызбы?

– Анда-санда барып калам. Бирок, мени азыркы бийлик эмнегедир жакшы көрбөйт. Көк бөрү оюндарына чакырышпайт. Алардын деңгээли ушундай экен, чакырбайт деп таарынгым да теңелгим да келбейт.

– Көп адамдар айтып калышат “Сизге тай казанды ойлоп тапканыңыз үчүн эле “Кыргыз Эл Баатыры” наамын ыйгарып коюш керек болчу” деп. 

– Билесиңби азыркы бийлик мени Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына милдеттүү түрдө чакырыш керек болчу экенин? Анткени, мен 1992-жылы Аскар Акаевга Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча сунуштаганмын. Ал киши бул идеяны абдан жактырган болчу. Жөн эле сунуштабастан көчмөндөр оюндарынын жол-жобосун жазып чыккам.

Бахияна Сатылганова.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: