Menu

Жекшенкуловду  мурункудай жадырап тосуп албайт

Бөлүшүү:

Саясаттын  жакшы жагына караганда, тескери тарабы көбүрөөк болорун бул айдыңда жүргөндөр жон териси аркылуу билип калышты. Маселен, кезинде Ала-Белдин каарына бетин чайып, эгиздердей куушуп ойношкон Ө. Бабанов менен К. Ташиев азыр бири-бирине  ысык сөз айта алабы? Жок. Анткени азыр бири Пензада, экинчиси  Бишкекте жашоосун улантууда. Ошол эле бир кездеги санаалаштар –К.Иманалиев менен К. Самаковдун дуэтин мурдагыдай бааласа болобу? Жок.  Себеби, биринин  тагдыры кыйчалышта, экинчиси күпүлдөп парламентте отурат, жомогун токуп. Бир да жолу жакшы кебин айтканга жараган жок оор кезде депутат мырза.

Былтыркы күздөгү президенттик шайлоонун кесепетинен эми бет карашпай калган жолдош сыяктуулар  деле болгонунан кабарыбыз бар. Темир Сариевдин  “күлүгүн” таптоого камынып кошулгандар тыйын тартыш болуп калганын байкап, жаш талапкерге өтүп кеткенин шардана кылышкан маалымат каражаттары.  Антсе да Темикең бери карап күлүп, нары карап улутунуп, акыры марага чейин атын теминип барды. Тилекке каршы топтогон “упайлары” суюк болуп ортого араң кыпчылды.  Башкалардан бир сөөм жакын жүргөн Аликбек Жекшенкуловго мындан ары Сариевдин “ жылуу илеби”  эч качан сокпойт. Кыйын кезде таштап кеткендерди бири да  оң баалабасы белгилүү.  А бирок, капыстан бир тойдон кездешип калышса мурдагыдай кучак жайып, алакан чаап  учурашпайт. Көрсө ушундай нерседен көңүл калат турбайбы?  Демек, саясаттагы ынак досум дегенди  оозуңарга албагыла, саясатчылар! Бийликти мыкчыйм дегендердин  кызыкчылыгы гана болорун эсиңерден чыгарбагыла, майлиби?

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − 91 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: